8-берене. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерин социалдык жактан коргоо
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 января 2010 года № 17
1. Мамлекет өлкөнүн мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерин социалдык жактан коргоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кепилдейт.
2. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери өз кызматтык иш-аракетин жүзөгө ашырууга байланыштуу курман болгон учурда анын үй-бүлөсүнө же анын багуусундагы адамдарга, камсыздандыруу суммасынан тышкары, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин талаптарына ылайык, курман болгон адамдын жылдык орточо жыйырма эмгек акысынын өлчөмүндө республикалык бюджеттен бир жолку жөлөкпул берилет.
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерине ал кызмат милдеттерин аткарып жатканда дене-бойлук залалдар келтирилгенде жана ал майыптыкка алып келген учурда бир жолку жөлөкпул эмгекке жарамдуулукту жоготууну жана майыптыкты эсепке алуу менен, бирок төмөндө көрсөтүлгөндөрдөн кем эмес өлчөмдө төлөнүп берилет:
- I топтогу майып болгон учурда - жабыр тарткандын жылдык он орточо эмгек акысынын өлчөмүндө;
- II топтогу майып болгон учурда - жабыр тарткандын жылдык беш орточо эмгек акысынын өлчөмүндө;
- III топтогу майып болгон учурда - жабыр тарткандын жылдык үч орточо эмгек акысынын өлчөмүндө.
3. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкеринин кызматтык милдеттерине байланыштуу анын (же анын жакын туугандарынын) мүлкүнө келтирилген зыян толук көлөмдө республикалык бюджеттен төлөнүп берилет, бул сумма кийин күнөөлүү адамдардан өндүрүлүп алынат.
(КР 2010-жылдын 29-январындагы № 17 мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 04.08.2004 · № 106 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202600/st-8" title="8-берене - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>