Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «»Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-01-18.
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2010-жылдын 29-январы № 17
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 1, 24-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызмат органдарынын ишинин укуктук негиздерин аныктайт, мамлекеттик салык кызмат органдарынын кызматкерлеринин укуктук статусун жөнгө салат.".
2. 1-беренеде:
2-пунктта:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Мамлекеттик салык кызматынын бирдиктүү системасын ыйгарым укуктуу салык органы жана ведомстволук салык органдары түзөт.";
- экинчи - алтынчы абзацтар күчүн жоготту деп табылсын;
4-6-пункттар күчүн жоготту деп табылсын; 7-пунктта "Кыргыз Республикасынын салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөр "Мамлекеттик салык кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 3-берене "ченемдик" деген сөздөрдөн кийин "укуктук" деген сөздөр менен толукталсын.
4. 5-беренеде:
1-пунктта:
- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Мамлекеттик салык кызмат органдарына финансылык, экономикалык жогорку же орто атайын финансылык, экономикалык билими жана квалификациялык талаптарга ылайык келген башка жогорку билими бар Кыргыз Республикасынын жарандары "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык конкурстук негизде кабыл алынат. Салык кызматында кесиптик иш-тажрыйбасы болбогон адамдар стажировкадан өтүшөт.";
- экинчи абзац "тарабынан" деген сөздөн кийин "бекитилүүчү жобо менен" деген сөздөр менен толукталсын.
5. 11-беренеде:
2-пунктта "берет" деген сөздөр "берүүгө укуктуу" деген сөздөргө алмаштырылсын; 3-пунктта "Кыргыз Республикасынын салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин Төрагасы тарабынан" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу салык органдарынын жетекчиси тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 5-берененин 2-пунктундагы, 6-берененин 4- жана 9-пункттарындагы, 3-главанын аталышындагы, 7-берененин аталышындагы жана 1- жана 2-пункттарындагы, 8-берененин аталышындагы жана 1 жана 2-пункттарындагы ар кайсы жөндөмөлөрдө жана сандык түрүндө турган "кызматчы" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдө жана формаларда "кызматкер" деген сөзгө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.01.2022 · № 4
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндөЗакон · 23.01.2009 · № 24 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.01.2022 · № 4
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндөЗакон · 23.01.2009 · № 24 · Күчүн жоготкон