11-берене. Башкы прокуратура
Күчүн жоготкон · 24.08.2020 редакциясы · II бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 августа 2020 года № 143.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 февраля 2012 года № 9
1. Башкы прокуратура Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын жогорку органы болуп саналат, ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалуучу Башкы прокурор башчылык кылат.
Башкы прокурор ушул Мыйзам менен каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин макулдугу менен же болбосо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын үчтөн экисинин жактыруусу менен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматынан бошотулат. Эгерде Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Башкы прокурордун кызматына сунуш кылынган талапкер добуштардын талап кылынган санын албаса, анда Кыргыз Республикасынын Президенти 14 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жаңы талапкерди сунуштайт.
2. Башкы прокурордун биринчи орун басары, орун басарлары болот, аларды Кыргыз Республикасынын Президенти Башкы прокурордун сунушу боюнча кызматка дайындайт жана андан бошотот.
3. Башкы прокурордун өзгөчө тапшырмалар боюнча улук жардамчысы жана жардамчысы болот.
4. Башкы прокуратуранын түзүмүн башкармалыктар, бөлүмдөр түзөт, аларда начальниктердин, алардын орун басарларынын, улук прокурорлордун жана прокурорлордун, прокурор-криминалисттердин, өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүлөрдүн жана тергөөчүлөрдүн, ошондой эле башкы, жетектөөчү адистердин жана адистердин кызмат орундары бекитилет.
5. Башкы прокуратурада прокуратура органдарынын уюштуруу жана алардын ишине байланышкан маселелерди кароо үчүн илимий-методикалык кеңеш уюштурулушу мүмкүн. Илимий-методикалык кеңеш жөнүндө жобо Башкы прокурор тарабынан бекитилет.
(КР 2012-жылдын 29-февралындагы № 9 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202597/st-11" title="11-берене - Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>