1-берене
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: ЗАКОН КР от 29 мая 2009 года № 175
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ("Эркин Тоо" гезити, 2008-жыл, 22-октябрь, №78-81) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү кирги- зилсин:
1. 3-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-берене. Эл аралык келишимдердин жана башка макулдашуулардын колдонулушу
1. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белги-
ленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде Кыргыз Республика- сынын салык мыйзамдарында каралгандан башка нормалар белгиленсе, ошол эл аралык келишимдин нормалары колдонулат.
2. Эгерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү түзгөн макулдашуу Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењеши ратификациялаган болсо же Кыргыз Респуб- ликасынын Жогорку Кењеши ратификациялаган макулдашууну аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин тапшыруусу боюнча түзүлсө, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралгандан башка нормаларды белгилесе, анда мындай макулдашуу менен жөнгө салынган салык мамилеле- рине ошол макулдашуунун нормалары колдонулат.".
2. 10-берененин 2-бөлүгү "жеке мүнөздөгү" деген сөздөрдөн мурда
"Эгерде бул кодекстин 3-беренесинде башкача каралбаса," деген сөздөр менен толукталсын. (КР 2009-жылдын 29-майындагы № 175 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202581/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>