Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө»мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-11-25.
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары
2009-жылдын 26-майы № 169
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Регламенти
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү
жана толуктоо киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Регламенти жөнүндө" Кыр-
гыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" газетасы, 2005-жыл, 18-ян-
варь, № 4-5) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
26-главада:. Главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"26-глава
Жогорку Кењештин өкүлдөрүн коррупция менен
күрөшүү боюнча улуттук кењешке сот адилеттиги
иштери боюнча улуттук кењешке, эсептөө палатасынын
кењешине жана статистика боюнча кењешке дайындоо
жана чакыртып алуу";
глава төмөнкүдөй мазмундагы 173 жана 174-беренелер менен толуктал-
сын:
"173-берене.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши Коррупция менен күрөшүү бо-
юнча улуттук кењештин мүчөсүн дайындайт.
Коррупция менен күрөшүү боюнча улуттук кењештин курамына талапкер
депутаттык фракциялар сунуштаган депутаттардын ичинен тиешелүү комитет
тарабынан көрсөтүлөт жана депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн жа-
шыруун добушу менен Жогорку Кењеш тарабынан эки жылдык мөөнөткө дайын-
далат.
Коррупция менен күрөшүү боюнча улуттук кењештин курамына дайындал-
ган депутат депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен ка-
был алынган Жогорку Кењештин чечими аркылуу чакырылып алынышы мүмкүн.
Коррупция менен күрөшүү боюнча улуттук кењештин мүчөсүн дайындоо
же бошотуу маселеси боюнча Жогорку Кењеш токтом кабыл алат.
174-берене.
Статистика боюнча кењештин курамына Жогорку Кењештин өкүлү Жогорку
Кењеш менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабы-
нан аныкталат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
2009-жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку
тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндөЗакон · 03.01.2005 · № 3 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон