4-берене. Социалдык стандарттарды белгилөөнүн принциптери жана милдеттери
Күчүндө · 08.07.2019 редакциясы · 1-глава
Социалдык стандарттарды түзүүнүн жана колдонуунун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- жарандардын конституциялык укуктарын камсыз кылуу;
- социалдык стандарттардын мамлекеттик социалдык саясаттын негизги багыттарына ылайык келиши;
- социалдык стандарттардын социалдык жана экономикалык жактан негизделгендиги;
- консолидацияланган мамлекеттик бюджетти түзүүдө жана аткарууда социалдык чыгымдардын артыкчылыгы жана милдеттүүлүгү;
- социалдык стандарттарды расмий белгилөөнүн мезгилдүүлүгү;
- социалдык стандарттарды белгилөөнүн жана өзгөртүүнүн айкындуулугу;
- мамлекеттик органдардын белгиленген социалдык стандарттарды сактоодогу жоопкерчилиги.
Социалдык стандарттарды белгилөө төмөнкү милдеттерди аткарууга багытталган:
- мамлекет тарабынан жарандардын негизги материалдык жана руханий жыргалчылыгы жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон керектөөлөрүнүн кепилдик нормасын аныктоо;
- материалдык жана руханий жыргалчылыктардын жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөнүн жеткиликтүүлүк шарттарын камсыз кылууну теңдештирүүнүн негизинде бирдиктүү мамлекеттик социалдык саясат жүргүзүү жана региондор боюнча социалдык өнүгүү деңгээлинин айырмачылыктарына жол бербөө;
- региондор боюнча калктын жашоо деңгээлин жана анын жогорулашынын шарттарын баалоо;
- бюджеттик жана социалдык жактан кызмат көрсөтүүлөргө берилүүчү жана башка каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
- аз камсыз болгон жана турмуштук оор абалда калган жарандарга максаттуу жана даректүү мамлекеттик колдоонун зарылдыгын негиздөө.
Берененин тексти 08.07.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202576/st-4" title="4-берене - Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>