3-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 08.07.2019 редакциясы · 1-глава
Ушул Мыйзамды пайдалануу максатында төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдолунулат: кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарт (мындан ары - социалдык стандарт) - жалпыга жеткиликтүү, акысыз берилүүчү жана жеңилдетилген социалдык жактан кызмат көрсөтүүлөрдү жана төлөмдөрдү берүүнүн кепилденген минималдык деңгээли; жашоо минимуму - минималдык керектөө корзинасынын наркынын чоңдугуна барабар жана адамдын жашоосун камсыз кылуу жана анын ден соолугун сактоо үчүн зарыл болгон материалдык жыргалчылыктардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн минималдык топтомунун, ошондой эле милдеттүү түрдөгү төлөмдөрдүн жана жыйымдардын (салымдардын) суммасынын нарктык бааланышы; жакырчылыктын чеги - адамдын минималдык керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн зарыл болгон, бир адамга эсептелген минималдык кирешенин чеги; жашоо деңгээли - калктын жашоосунун зарыл болгон муктаждыктарын канааттандырууну камсыз кылуучу материалдык жана руханий жыргалчылыктардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жыйындысы.
Берененин тексти 08.07.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202576/st-3" title="3-берене - Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>