1-берене
Күчүндө · 30.03.2009 редакциясы
"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республи-
касынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2005-ж., № 6, 377-ст.) төмөнкүдөй
өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 10-статьяда:
4-пунктунун:
- 2 жана 3-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) күрөө менен камсыздалган милдеттенменин баяндамасы, ал милдет-
тенменин максималдуу суммасы менен чагылдырылышы мүмкүн;
3) аны идентификациялоо үчүн күрөө предметинин жетиштүү жалпы ба-
яндамасы;";
- 5-пунктча алын салынсын;
6-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин.
2. 27-статьяда "өткөрүп берүүдө тараптар өз ара макулдашкан күрөө-
гө коюлган мүлктүн акчалай наркын салыштыруу жолу менен, ал эми мындай
макулдашуу жок болсо, күрөөлүктү" деген сөздөр алып салынсын.
3. 30-статьяда:
1-пункту "катары" деген сөздөн кийин "кыймылдуу жана" деген сөздөр
менен толукталсын;
2-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. 34-статьяда:
1-пунктунун үчүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жүгүртүүдөгү товарлардын күрөөсү жөнүндө келишимде күрөөнүн пред-
мети болгон жүгүртүүдөгү товарлардын жалпы баяндамасы болууга тийиш";
2-пунктунун биринчи сүйлөмүндөгү ", товардын сан-эсебине, өлчөмүнө
же көлөмүнө ылайык аныкталуучу" деген сөздөр алып салынсын.
5. 52-статьянын 2-пунктунун үчүнчү абзацы алып салынсын.
6. 69-статьянын экинчи абзацынын экинчи сүйлөмү алып салынсын.
Берененин тексти 30.03.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Күрөө жөнүндөЗакон · 12.03.2005 · № 49
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202570/st-1" title="1-берене - Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>