21-берене. Камсыздандыруу келишими
Күчүндө · 28.07.2021 редакциясы
1. Камсыздандыруу келишимин түзүү өсүмдүк продукцияларын өндүрүүчүлөр (камсыздалуучулар) жана камсыздандыруучулар үчүн ыктыярдуу болуп саналат.
2. Камсыздандыруу келишими календардык жылдын он айлык мөөнөтүнө кеминде эки нускада жазуу жүзүндө түзүлөт.
3. Өсүмдүк продукцияларынын түрлөрү боюнча камсыздандыруу келишимин түзүү мөөнөтү - айдап себүү бүткөндөн кийин он беш календардык күндөн кечиктирбестен.
4. Камсыздандыруу келишими колдонулушун төмөнкү учурларда токтотот:
1) келишимдин колдонуу мөөнөтү бүткөндө;
2) келишимдин колдонуу мөөнөтүнүн ичинде орун алган бардык камсыздандыруу учурлары боюнча камсыздандыруу төлөмдөрү жүргүзүлгөндө.
5. Камсыздандыруу келишими Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде белгиленген учурларда мөөнөтүнөн мурда бузулушу мүмкүн.
6. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруу келишими боюнча пайда алуучу камсыздалуучу же пайдасына келишим түзүлгөн башка жак болуп саналат.
Берененин тексти 28.07.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202550/st-21" title="21-берене - Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>