20-берене. Милдеттүү нормативдер
Күчүн жоготкон · 10.05.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 10 мая 2017 года № 78.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 марта 2016 года № 24
1. Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлүүчү лотереялар үчүн милдеттүү нормативдер болуп төмөндөгүлөр саналат:
- лотереялар үчүн байге фондунун көлөмү лотерея өткөрүүдөн түшкөн каражаттардын 50 пайыздан кем эмес жана 75 пайыздан көп эмес өлчөмүндө белгиленет. Тираждык лотереялар үчүн байге фондунун минималдык өлчөмү 5000ден кем эмес эсептик көрсөткүчтү, ал эми тез ойнотулуучу лотереялар үчүн - 10000ден кем эмес эсептик көрсөткүчтү түзүшү керек. Мындай болбогон учурда лотереяны уюштурууга жана өткөрүүгө тыюу салынат. Лотереяны уюштуруучуда байге фондунун көлөмүнө карата минималдуу талаптарга дал келбегендик ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган учурда бул дал келбөөнүн айырмасы жергиликтүү бюджетке алынып коюлууга (төлөнүүгө) жатат;
- кызыктыруучу лотереяларда байге фондунун өлчөмү байге компаниясынын пландарына ылайык, бирок 1000 эсептик көрсөткүчтөн кем эмес өлчөмдө лотереянын уюштуруучусу тарабынан аныкталат. Башка учурда ушундай лотереяны уюштурууга жана өткөрүүгө тыюу салынат;
- атайын эсепте жайгаштырылган резервдик каражаттардын өлчөмдөрү лотерея белеттеринин билдирилген санына ылайык лотерея уюштуруучулар үчүн төмөндөгүдөй болууга тийиш:
1) 500 миңге чейинки лотерея белеттери - эсептик көрсөткүчтүн 3000 өлчөмүндө;
2) 500 миңден ашык лотерея белетттери - эсептик көрсөткүчтүн 5000 өлчөмүндө.
2. (КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Атайын эсепти толтуруунун мөөнөтү 30 календардык күндөн ашпоого тийиш. Аталган эсеп белгиленген өлчөмдөргө чейин толтурулбаган учурда лотерея ишине лицензиянын колдонулушу 3 айлык мөөнөткө токтотулат.
(КР 2013-жылдын 3-августундагы № 187, 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 10.05.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 22 марта 2016 года № 24 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в части осуществления лицензирования"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 августа 2013 года № 187 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О лотереях"Редакцияларды салыштыруу
22.03.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…ашык лотерея белетттери - эсептик көрсөткүчтүн 5000 өлчөмүндө.
2. алынып салынды: Лотереялык ишти жүзөгө ашыруу укугуна лотереяны уюштуруучунун күнөөсү менен бир айдан ашык акы төлөнбөгөн учурда жергиликтүү бюджетке чегерилүүгө жатуучу төлөмдүн тиешелүү суммасы атайын эсептен карыздын ордун толтуруу эсебине алынып коюлат (мамлекеттик лотереялардан тышкары).
кошулду: (КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Атайын эсепти толтуруунун мөөнөтү 30 календардык күндөн ашпоого тийиш. Аталган эсеп белгиленген өлчөмдөргө чейин толтурулбаган учурда алынып салынды: лотереяны өткөрүү укугуна уруксаттын кошулду: лотерея ишине лицензиянын колдонулушу 3 айлык мөөнөткө токтотулат.
алынып салынды: (Кыргыз Республикасынын кошулду: (КР 2013-жылдын 3-августундагы № алынып салынды: 187 мыйзамынын редакциясына кошулду: 187, 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Айрым мыйзам актыларына лицензиялоону жүзөгө ашыруу бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 22.03.2016 · № 24
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202548/st-20" title="20-берене - Лотереялар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>