14-берене. Лотереянын байге фонду
Күчүн жоготкон · 10.05.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 10 мая 2017 года № 78.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 марта 2016 года № 24
1. Лотереянын шарттарында билдирилген жана лотереяга катышуучулардын каражаттарынын бөлүштүрүлбөгөн бөлүгүн көрсөткөн лотереянын байге фонду лотереяны уюштуруучунун активи болуп саналбайт жана аларды утуп алган катышуучуларга төлөөдөн жана берүүдөн тышкары ал тарабынан башка эч кандай максатка колдонулушу мүмкүн эмес.
2. Байге фонду лотереяны түзүүчүнүн же уюштуруучунун менчиги болуп саналбайт жана алардын милдеттенмелери боюнча өндүрүп алуу ага карата коюлушу мүмкүн эмес.
3. Байге фондунун каражаттары конкреттүү лотереяны каттоодо бекитилген шарттарында белгиленген эрежелер боюнча толук ойнотулууга тийиш.
4. Лотереяны өткөрүүнүн шарттарына ылайык утуштарды төлөөнүн жана берүүнүн мөөнөттөрү аяктагандан кийин байге фондунун алынбай калган бөлүгү лотереяны уюштуруучунун менчиги деп таанылат.
5. Лотереянын байге фонду ойнотууну жүргүзүү башталганга чейин кулактандырылат.
6. Тез ойнотулуучу лотереянын байге фонду лотерея ишине лицензия алганга чейин, байге фондунун жалпы көлөмүнүн 30 пайызынан кем эмес өлчөмдө түзүлүүгө тийиш, анын түзүлгөндүгү жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга документ түрүндө берилиши керек.
7. Тираждык лотереянын байге фонду билдирилген байгелик түзүмгө ылайык, лотереянын тиражын ойнотуу башталганга чейин толук түзүлүүгө тийиш.
(КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 10.05.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 22 марта 2016 года № 24 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в части осуществления лицензирования"Редакцияларды салыштыруу
22.03.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…кулактандырылат.
6. Тез ойнотулуучу лотереянын байге фонду лотерея алынып салынды: өткөрүү укугуна уруксат кошулду: ишине лицензия алганга чейин, байге фондунун жалпы көлөмүнүн 30 пайызынан кем эмес … лотереянын тиражын ойнотуу башталганга чейин толук түзүлүүгө тийиш.
кошулду: (КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202548/st-14" title="14-берене - Лотереялар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>