Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Чогуу алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү Америка Кошмо Штаттарынын Элчилигинин 2001-жылдын 4-декабрындагы № 542 нотасына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жооп нотасын денонсациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын» Ммыйзамы
Бишкек шаары
2009-жылдын 20-февралы N 55
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Чогуу алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы
Макулдашууну түзүүчү Америка Кошмо Штаттарынын
Элчилигинин 2001-жылдын 4-декабрындагы N 542
нотасына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер
министрлигинин жооп нотасын денонсациялоо жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 58-беренесинин 1-пунктунун
22-пунктчасына, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине жана "Кыргыз Республи-
касынын Жогорку Кењешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 130-беренесине ылайык, чогуу алганда Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулда-
шууну түзүүчү Америка Кошмо Штаттарынын Элчилигинин 2001-жылдын 4-де-
кабрындагы N 542 нотасына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрли-
гинин жооп нотасы денонсациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Мыйзамдын
1-беренесинде аталган Макулдашуу денонсациялангандыгы жөнүндө Америка
Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте билдирилсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
2009-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндөЗакон · 03.01.2005 · № 3 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон