6-берене
Күчүндө · 29.01.2010 редакциясы
Чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр, медикаменттер, тамактануу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана майып балдарга жөлөк пулдар, стипендиялар жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр), ошондой эле мамлекеттин карыз милдеттенмелери жана калктын аманаттарын индексациялоо боюнча жүргүзүлөт. Чыгашалардын корголгон беренелери штаттык сандагы бош орундарга жана нормативдик актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы мүмкүн. Чыгашалардын корголгон беренелерин каржылоо үчүн жоопкерчилик министрликтерге жана ведомстволорго жүктөлөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2009-2011-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоону биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча жүргүзүү сунуш кылынсын.
Берененин тексти 29.01.2010 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202539/st-6" title="6-берене - КР (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>