12-берене
Күчүндө · 29.01.2010 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 19 мая 2009 года № 159
2009-жылга жергиликтүү бюджеттер үчүн салык агентине төлөөчү киреше салыгынан пландык түшүүлөрдөн чегерүүнүн төмөнкү ченеми бекитилсин:
- республикалык маанидеги шаарларга - 35 пайыз өлчөмүндө;
- областтык маанидеги шаарларга - 30 пайыз өлчөмүндө;
- райондук маанидеги шаарларга - 30 пайыз өлчөмүндө;
- райондорго - 30 пайыз өлчөмүндө (райондук маанидеги шаарлардан түшүүлөрдү эсепке алганда райондун бардык контингентинен).
Сатуудан түшкөн салыктар төмөнкү жергиликтүү бюджеттерге чегерилсин:
- республикалык маанидеги шаарларга - 50 пайыз өлчөмүндө;
- областтык маанидеги шаарларга - 50 пайыз өлчөмүндө;
- райондук маанидеги шаарларга - 25 пайыз өлчөмүндө;
- райондорго - 25 пайыз өлчөмүндө (райондук маанидеги шаарлардан түшүүлөрдү эсепке алганда райондун бардык контингентинен);
- айыл өкмөтүнө - 25 пайыз өлчөмүндө.
Милдеттүү патенттештирүү негизиндеги салык республикалык маанидеги шаарлардын, областтык маанидеги шаарлардын, райондук маанидеги шаарлардын жана айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине 50 пайыз өлчөмүндө эсептелсин. Жер салыгы, ыктыярдуу патент негизиндеги салык, бирдиктүү салык негизиндеги түшүүлөр 100 пайыз өлчөмүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тескөөсүндө калтырылсын. Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин жана уюмдардын атайын каражаттарынын суммаларынан түшүүчү атайын каражаттарга салык жергиликтүү бюджетке кошуп эсептөөгө жатат. Жалпы мамлекеттик салыктар боюнча ашыра аткаруу суммаларынан жергиликтүү бюджеттерге чегерүүлөрдүн ченеми пландуу түшүүлөрдөн чегерүүлөр менен бирдей ченемде белгиленсин. Жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүн аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлөт. (КР 2009-жылдын 19-майындагы № 159 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 29.01.2010 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202539/st-12" title="12-берене - КР (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>