6-берене. Жөнгө салуунун предмети
Күчүн жоготкон · 16.05.2009 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27.
1. Ушул Мыйзам майыптар коомдору тарабынан чыгарылган товарларды
мамлекеттик заказ катары мамлекеттик каражаттардын эсебинен мамлекеттик
заказчылардын сатып алуусунда колдонулат. Майыптар коомдорунун товарла-
рын сатып алуу жол-жобосуна карама-каршы келген "Мамлекеттик сатып алу-
улар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболору ушул мыйзам
боюнча колдонулушу мүмкүн эмес.
2. Мамлекеттик заказчылар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же мамле-
кеттик органы тарабынан мамлекеттик заказдардын тизмесине киргизилген
товарлардын ассортиментин, биринчи кезекте, майыптар коомдорунан сатып
алууга милдеттүү.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик заказды аткаруу иши-
нин жүрүшүн катуу контролго алат. Республикага ташып келинген товарлар-
дын түрлөрүнө, аларга керектөөчүлүк товар өндүрүүчүлөр-майыптар коому
аркылуу канааттандырылса, республикалык же жергиликтүү бюджеттин кара-
жаттарынын эсебинен мамлекеттик сатып алуулар жүргүзүлбөйт.
4. Майыптар коому тарабынан майыптарды социалдык тиричилик жактан
реабилитациялоо үчүн сатып алынуучу жана аларды иш менен камсыздандыруу
маселелерин чечүүгө багытталган товарлар тендердик иш чараларсыз сатып
алынат.
Берененин тексти 16.05.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202537/st-6" title="6-берене - Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>