1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр
Күчүн жоготкон · 16.05.2009 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27.
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй маанини билдирген түшүнүктөр колдонулат:
майыптар коому - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана
өздөрүнүн уставдарынын негизинде аракет кылуучу, мүмкүнчүлүктөрү чек-
телген адамдардын коомго (ошонун ичинде ишканаларга, уюмдарга жана ме-
кемелерге) бириккен бирикмеси;
мамлекеттик заказдарды жайгаштыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамле-
кеттик орган (мындан ары - мамлекеттик орган) - майыптар коомдорунун
чыгарган товарларын жөнгө салуу жана мамлекеттик мекемелердин жана ве-
домстволордун мамлекеттик заказдарын жайгаштыруу жагындагы мамлекеттик
саясатты жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу
аткаруу органы;
мамлекеттик заказ - мамлекеттик мекемелердин жана ведомстволордун
заявкалары боюнча жайгаштырылган майыптар коомдорунун чыгарган товарла-
рына болгон алардын керектөөлөрү;
мамлекеттик мекемелер жана ведомстволор - тиешелүү мамлекеттик ка-
ражаттардын эсебинен майыптар коомдору чыгаруучу товарларга мамлекеттик
заказды милдеттүү түрдө жайгаштырууну жүзөгө ашыруучу юридикалык жак-
тар.
мамлекеттик каражаттар - камсыздандырылган каржылоонун төмөнкүдөй
булактары:
- өз ишин жүзөгө ашырууга багытталган мамлекеттик бюджеттин кара-
жаттары же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик кара-
жаттары;
- бюджет жөнүндө мыйзам тарабынан "бюджеттик эмес каражат" катары
аныкталган каражаттары, мамлекеттин үлүшү 51 пайыздан кем эмесин түзгөн
акционердик коомдордун каражаттары, мамлекеттик каражаттардын жана мам-
лекеттик мекемелердин каражаттарынын эсебинен түзүлгөн фонддордун кара-
жаттары;
- эгерде макулдашууда каражаттарды пайдалануунун башкача
мүмкүнчүлүктөрү каралбаган болсо, эл аралык макулдашуулардын негизинде-
ги чет өлкөлүк жардам катарында берилген каражаттар.
сатып алуулар жөнүндө келишим - майыптар коомдору чыгарган товар-
лардын айрым түрлөрүн жөнөтүүгө сатып алуучу уюм менен жөнөтүүчүнүн ор-
тосунда түзүлгөн келишим;
мамлекеттик заказчы - юридикалык жактын статусуна ээ болгон тие-
шелүү бюджеттик каражаттын эсебинен каржылануучу бюджеттик уюмдар, мам-
лекеттик органдар, кызматтар же ишканалар, тийиштүү бюджеттин каражат-
тарынын эсебинен каржыланган муниципалдык уюмдар, мамлекеттик каражат-
тардын эсебинен түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары,
уюмдар жана фонддор, мамлекет 51 пайыздан кем эмес акцияга ээ болгон
акционердик коомдор;
жөнөтүүчү (подрядчы) - сатып алуучу уюм менен продукцияны жөнөтүү-
лөр жана сатып алуулар тууралу келишимге катышкан, иштөөчүлөрүнүн жалпы
санынын 51 пайызынан ашыгын иштөөчү майыптар түзгөн юридикалык жак ста-
тусуна ээ болгон майыптар коомдору;
жөнөтүү - сатып алуучу уюмга жөнөтүлчү чийки заттарды, даяр про-
дукцияларды, жабдууларды жана башка товарларды сатып алуунун бардык
стадияларындагы процесси;
товарлар - эмгектин бардык түрүнүн жана жазылышынын продуктылары,
анын ичинде чийки заттардын, буюмдун, жабдуунун жана заттардын түрлөрү,
ошондой эле товарларды жөнөтүү менен айкалышкан кызматтар;
мамлекеттик муктаждыктар - мамлекеттик каражаттардын эсебинен ка-
нааттандырылуучу мамлекеттик заказчылардын майыптар коомунун товарлары-
на, иштерине, кызмат көрсөтүүлөрүнө болгон керектөөлөрү.
Берененин тексти 16.05.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202537/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>