Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
17-берене. Жарандарды мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 4-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164
1. Мөөнөттүү аскердик кызматка он сегиз жаштан жыйырма беш жашка чейинки, аскердик кызматка чакырылуудан мөөнөтүн узартууга укугу жок, аскердик кызматка чакырылуудан бошонууга укугу жок же аскердик кызматка чакырылуудан мөөнөтүн узартууга укугун жоготкон эркек жарандар чакырылууга тийиш.
Мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчылары үчүн аскердик кызматтын мөөнөтү жыйын пункттарынан кызмат өтөө жерине жиберилген учурдан баштап эсептелет.
2. Жарандарды мөөнөттүү аскердик кызматка чакырууну уюштуруу жана жүргүзүү тартиби, ошондой эле мөөнөттүү аскердик кызматты өтөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Аскердик кызматтын 11 айын өтөп бүткөн, жогорку билими бар мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары жана запас боюнча офицердик курамдын биринчи офицердик наамын алууга каалоосун билдиргендер запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча бир айлык аскердик жыйындарды өтө алышат. Запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча аскердик жыйындарды өткөн жана белгиленген сынактарды ийгиликтүү тапшырган мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына запаска бошонууда, коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан запас боюнча офицердик курамдын "лейтенант" биринчи аскердик наамы ыйгарылат. Запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча аскердик жыйындарды өтүү жана белгиленген сынактарды тапшыруу тартиби коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан белгиленет.
3. Мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылууга тийиш болгон жарандар чакыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы жарыялангандан кийин жашаган жери боюнча райондук (шаардык) аскердик комиссариаттарына келүүгө милдеттүү.
Жарандар чакыруу комиссиясына райондук (шаардык) аскердик комиссариаттарынын чакыруу кагазы боюнча келүүгө милдеттүү. Чакыруу кагазы райондук (шаардык) аскер комиссариаттарынын кызмат адамдары же иштеген (окуган) жери боюнча жетекчилери, уюмдардын башка аскердик-каттоо иштери үчүн жооптуу кызмат адамдары (жумушчулары) тарабынан жаранга жеке өзүнө же анын ата-энесине же аялына кол койдуруу менен тапшырылат. Чакыруу кагазында анда баяндалган талаптарды аткарбоонун укуктук кесепеттери көрсөтүлүшү керек. Чакыруу кагазын жарандын жеке өзүнө же анын ата-энесине же аялына тапшыруу мүмкүн эмес болгон учурда, жарандын чакыруу комиссиясына келүүсүн камсыз кылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлөт.
4. Акт менен күбөлөндүрүлгөн, чакыруу кагазын тапшырган кызмат адамы жана эки күбө тарабынан кол коюлган чакыруу кагазын алуудан өтүүдөн баш тарткан учурда негиздүү себептерсиз мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу менен байланышкан иш чараларга райондук (шаардык) аскердик комиссариатынын чакыруусу боюнча келбеген жаран аскердик кызматтан баш тарткан болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
Ошондой эле мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруудан баш тартуу болуп төмөнкүлөр эсептелинет: райондук (шаардык) аскердик комиссариаттарына чакыруу боюнча комиссиядан өтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө жана башка аскердик түзүлүштөрүнө жиберүү үчүн негиздүү себептери жок келбей коюу; мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылуудан баш тартуу. Райондун (шаардын) аскердик комиссары мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылуудан баш тарткан адамдарды кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу материалдарын белгиленген тартипте жол-жоболоштуруп, укук коргоо органдарына өткөрүп берүүгө милдеттүү.
5. Издөө иштеринин жүрүшүндө айкындалган, райондун (шаардын) аймагында жашаган, бирок аскердик каттоого турбаган чакырылуучулар убактылуу жашаган жери боюнча аскер комиссариатында аскердик каттоого алынат. Чакырылуучуларга аскер комиссариатында өздүк иштери ачылат жана алар райондук (шаардык) чакыруу комиссиясына жөнөтүлөт. Чакырылуучулар боюнча кабыл алынган чечимдер жөнүндө протоколдор китебинен үзүндү көчүрмөлөр алардын туруктуу катталган жери боюнча аскер комиссариаттарына жөнөтүлөт. Көрсөтүлгөн үзүндү көчүрмөнү алгандан кийин эсепке алуу-алфавиттик китепке тийиштүү жазуулар жазылат, ал эми өздүк иштери чакырылуучулар чакыруу комиссиясынан өтүүчү жердеги аскер комиссариатына жөнөтүлөт.
6. Жаңы келген аскер кызматчыларынын арасынан аскердик кызматка жарактуулукту чектеген, мурда билинбеген кандайдыр бир оорулуулары алар аскердик ант бергенге чейин айкындалган учурда мындай аскер кызматчылары Республикалык чакыруу комиссиясы менен макулдашуу боюнча, жыйноо пункттарына андан ары тереңдетилген медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүүгө аскер комиссариаттарына жөнөтүү үчүн кайта жөнөтүлөт. Бул жөнүндө аты аталган тизмелерде тийиштүү белгилер коюлат. Жыйноо пунктунан мындай аскер кызматчысынын ордуна аскер бөлүгүнө башка чакырылуучу белгиленген тартипте жөнөтүлөт.
(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2016-жылдын 30-июлундагы № 158, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 июля 2016 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 9 июня 2012 года № 79 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"Редакцияларды салыштыруу
07.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…эле мөөнөттүү аскердик кызматты өтөө тартиби Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Аскердик кызматтын 11 айын өтөп бүткөн, жогорку … аскер бөлүгүнө башка чакырылуучу белгиленген тартипте жөнөтүлөт.
алынып салынды: (КР кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2016-жылдын 30-июлундагы № алынып салынды: 158 кошулду: 158, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (73)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-ноябры № 715 "Кыргыз Республикасынын аскер комиссариаттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 04.11.2025 · № 715
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 5-августундагы ПЖ № 278 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат…Указ · 05.08.2022 · № 278
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-февралындагы № 96 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик…Постановление · 26.02.2022 · № 96
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-августундагы № 477 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик…Постановление · 30.08.2022 · № 477
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик…Постановление · 28.02.2023 · № 99
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 424 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик…Постановление · 23.08.2023 · № 424
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-февралындагы ПЖ № 34 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат…Указ · 20.02.2024 · № 34
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 9-февралы № 32 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган…Указ · 09.02.2026 · № 32
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 10-июлундагы ПЖ № 294 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат…Указ · 10.07.2021 · № 294
- КР Президентинин 2022-жылдын 17-февралындагы ПЖ № 44 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик…Указ · 17.02.2022 · № 44
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 37 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат…Указ · 24.02.2023 · № 37
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 1-августундагы ПЖ № 182 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат…Указ · 01.08.2023 · № 182
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-февралындагы № 102 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган…Постановление · № 102
- КР Президентинин 2011-жылдын 26-июлундагы № 179 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган башка аскердик бөлүктөрүнүн катарынан мөөнөттүү…Указ · 26.07.2011 · № 179
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-апрелиндеги №244 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган башка аскердик түзүлүштөрүнүн катарынан…Постановление · 17.04.2012 · № 244
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-мартындагы № 102 "2024-жылдын март-майында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги…Постановление · 11.03.2024 · № 102
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 26-июлундагы ПЖ № 207 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат…Указ · 26.07.2024 · № 207
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 15-январындагы ПЖ № 3 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат…Указ · 15.01.2025 · № 3
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-сентябрындагы № 549 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик…Постановление · 26.09.2014 · № 549 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы № 158 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик…Постановление · 25.03.2015 · № 158 · Күчүн жоготкон
73 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202536/st-17" title="17-берене - Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>