Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «2024-жылдын март-майында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу үчүн республикалык чакыруу комиссиясын түзүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 11-марты № 102
2024-жылдын март-майында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу үчүн республикалык чакыруу комиссиясын түзүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 121 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-февралындагы № 34 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2024-жылдын март-майында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15, 16 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Райондук (шаардык) чакыруу комиссияларын жетектөө, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдерине жарандардын даттанууларын жана кайрылууларын кароо, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдерин жана жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө чакыруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды тандап текшерүү үчүн тиркемеге ылайык курамда Республикалык чакыруу комиссиясы түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги 2024-жылдын март-майында чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтырууга укугу жок, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтыруу укугунан ажыраган эркек жынысындагы жарандарды Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүлүштөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик кызматка жана альтернативдик кызматка чакыруу боюнча иш-чараларды уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
1) мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган жарандарды кызмат өтөө жерине жөнөтүүнүн алдында контролдук медициналык кароодон өткөрүү үчүн Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Балыкчы, Талас жана Кадамжай шаарларындагы топтоо пункттарын врач-адистер (терапевт, хирург, невропатолог, дерматолог, окулист, отоларинголог, стоматолог, психиатр, рентгенолог-фтизиатр) жана орто медициналык персонал менен камсыз кылсын;
2) ден соолугунун абалы кошумча изилдөөлөрдү талап кылган чакырылуучуларды дарылоо-профилактикалык мекемелерде кезексиз стационардык (амбулатордук) медициналык текшерүүнү камсыз кылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Тиркеме
Республикалык чакыруу комиссиясынын КУРАМЫ (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 121 токтомунун редакциясына ылайык)
Каипов Сардарбек Эсенович
-
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын чакыруу башкармалыгынын башчысы, комиссиянын төрагасы.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Максутов Жаркынбек Бурукулович
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары - аймактарды өнүктүрүү секторунун башчысы;
Атакозуева Гульнура Мамановна
-
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
Джабаров Нематжан Ганиевич
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын улук ыкчам өкүлү;
Акылбеков Нурланбек Курманбекович
-
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын офицери;
Токушов Сардарбек Акматсултанович
-
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын офицери;
Нуров Бекжан Нурович
-
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын офицери;
Урманбетов Уланбек Асанович
-
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын офицери;
Алымбаев Мырзабек Муканбетжанович
-
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын офицери;
Жандармов Руслан Анатольевич
-
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын офицери;
Таранчиев Кеңешбек Жээнбекович
-
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Республикалык топтоо пунктунун башчысы;
Жээнбеков Накен Жээнбекович
-
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Балыкчы шаарынын топтоо пунктунун башчысы;
Мамадиев Тургунбай Абсаттарович
-
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Ош шаарынын топтоо пунктунун башчысы;
Маматеминов Советбек Маматкадырович
-
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Жалал-Абад шаарынын топтоо пунктунун башчысы;
Муратов Абдумалик Эргешович
-
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскердик бейтапканасынын врач-невропатологу;
Матазов Бакыт Абдылдаевич
-
Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын врач-хирургу;
Кочкоров Максат Кочкорович
-
Жалал-Абад облустук Үй-бүлөлүк медицина борборунун врач-хирургу;
Саламов Сабыр Саламович
-
Кадамжай районунун Жалпы дарыгердик практика борборунун клиникалык-диагностикалык бөлүмүнүн башчысы;
Ташманбетова Гульмира Болотбековна
-
Балыкчы Үй-бүлөлүк медицина борборунун врач-терапевти;
Жумабекова Индира Масалбековна
-
Талас облустук Үй-бүлөлүк медицина борборунун врач-терапевти.
Резерв:
Дуйшекеев Женишбек Жумашович
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын инспектору;
Койтукуров Илинбек Төлөнович
-
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Республикалык топтоо пунктунун башчысынын орун басары;
Назаралиев Азамат Автандилович
-
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Балыкчы шаарынын топтоо пунктунун башчысынын орун басары;
Баатыр уулу Алманбет
-
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Ош шаарынын топтоо пунктунун башчысынын орун басары;
Ормонов Мыйзам Уруксатбекович
-
Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын врач-хирургу;
Самартканов Нурсултан Кимсанбаевич
-
Жалал-Абад облустук Үй-бүлөлүк медицина борборунун врач-невропатологу;
Исмаилов Нурдин Кимсанбаевич
-
Кадамжай шаарынын Жалпы дарыгердик практика борборунун врач-урологу;
Сарманова Чынаркан Абдыкадыровна
-
Балыкчы шаарынын Жалпы дарыгердик практика борборунун врач-фтизиатры;
Изабеков Соорон Канатбекович
-
Талас райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунун врач-хирургу.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөЗакон · 09.02.2009 · № 43
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-февралындагы ПЖ № 34 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат…Указ · 20.02.2024 · № 34
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.