12-берене. Байытылган унду сактоо, ташуу, сатып өткөрүү учурунда анын сапатын жана коопсуздугун камсыз кылуунун талаптары
Күчүндө · 06.07.2016 редакциясы · 4-глава
Байытылган ун анын сапатын жана коопсуздугун камсыз кылуучу шарттарда сакталууга, ташылууга жана сатып өткөрүлүүгө тийиш. Байытылган унду санитардык эрежелерге жана ченемдерге жооп берген атайын жабдылган имараттарда, курулмаларда (кампаларда) сактоого жол берилет. Эгерде байытылган унду сактоо, ташуу жана сатуу учурунда кетирилген кемчиликтер анын тиешелүү сапатынын бузулушуна, ингредиенттерининин санынын азайышына алып келсе, ушул жаатта иш жүргүзгөн ишкерлер жана юридикалык жактар, ундун сатылышын токтотууга, унду экспертизага жиберүүгө жана анын корутундусунун негизинде байытылган унду жок кылууга милдеттүү. Кыргыз Республикасынын аймагында:
- жарактуу сертификаты жок;
- ташуу, сактоо жана сатуу үчүн тиешелүү шарттары жок;
- сактоо мөөнөтү өтүп кеткен;
- маркировкасы жок;
- жасалмаланган продукциялардагы байытылган унду чыгарууга, ташып келүүгө жана сатууга жол берилбейт.
Берененин тексти 06.07.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202534/st-12" title="12-берене - Нан унун байытуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>