11-берене. Байытылган унду упаковкалоого жана маркировкалоого коюлуучу талаптар
Күчүндө · 06.07.2016 редакциясы · 4-глава
Байытылган ундун упаковкасы анда ченемдик документтерде каралган сандагы витаминдик-минералдык же минералдуу кошумчалардын жетиштүү санда сакталышын камсыз кылууга жана Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы уруксат берген материалдан жасалууга тийиш. Байытылган ундун маркировкасынын реквизиттери ар бир упаковкага мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылат жана төмөндөгүдөй маалыматтарды камтыйт.
- продукттун аталышы;
- сорту;
- аталышы, даярдоочунун жайгашкан жери (юридикалык дареги, чыгарган өлкө);
- даярдоочунун товардык белгиси (эгер бар болсо);
- массасы, неттосу;
- азыктык баалуулугу;
- даярдалган күнү жана упаковкалоо нөөмөтүнүн номуру;
- сактоонун шарты;
- сактоо мөөнөтү;
- жарактуулугун бекемдөө жөнүндө идентификация жана маалымдоо жүргүзүлө турган документтин аталышы;
- чоң шрифт менен жазылган "байытылган", "обогащенная" деген сөздөр;
- кошулган кошулмалардын аталыштары көрсөтүлүү менен жалпы кабыл алынган логотип түшүрүлөт;
Зарыл болгон учурда упаковкада товардык белгиси пайдаланышы мүмкүн.
Берененин тексти 06.07.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202534/st-11" title="11-берене - Нан унун байытуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>