4-берене. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдоолордун мазмуну
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 2.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 апреля 2018 года № 36
1. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү болжолдоолорунда төмөндөгүлөр чагылдырылышы керек:
- Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн өткөн мезгилдеги жыйынтыктарын баалоо жана Кыргыз Республикасынын азыркы учурдагы экономикасынын абалын мүнөздөө, анын ичинде экономиканын өнүгүшү үчүн тоскоол болуучу мүмкүн болгон тобокелдиктерди жана коркунучтарды талдоо;
- макроэкономикалык саясаттын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макроэкономикалык туруктуулукту сактоо жана келечек мезгилге экономиканын өсүшүн көбөйтүү боюнча аракеттерин чагылдыруучу бюджеттик-салыктык, акча-кредиттик жана валюта саясатынын негизги багыттары жана программалык документтерде аныкталган өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиясына жана артыкчылыктарына тийиштүү негизги багыттары;
- экономиканын стратегиялык тармактарында түзүмдүк реформалардын келечеги жана багыттары;
- тышкы экономикалык саясаттын негизги багыттары;
- инвестициялык саясатты өнүктүрүүнүн келечеги;
- экономиканын реалдуу секторун, анын ичинде өнөр жайын, айыл чарбасын, курулушту жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүн өнүктүрүүнүн мүнөздүү тенденциялары жана келечеги;
- келерки мезгилге социалдык саясаттын негизги багыттары;
- Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүүнүн саясаты;
- инновациялык саясат;
- ишкердикти өнүктүрүү саясаты;
- экологиялык коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо.
2. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдоолору болжолдонуучу негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү жана аларга жетишүүнү камсыз кылуунун чараларын камтышы керек.
(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 140, 2018-жылдын 6-апрелиндеги N 36 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 апреля 2018 года № 36 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственном прогнозировании социально-экономического развития Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июля 2012 года № 140 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственном прогнозировании социально-экономического развития Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
06.04.2018 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдоолордун мазмуну
кошулду: 1. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн кыска … акча-кредиттик жана валюта саясатынын негизги багыттары жана алынып салынды: Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Кыргызстан элине, Жогорку Кеңешине жана Өкмөтүнө карата кайрылууларында аныктаган кошулду: программалык документтерде аныкталган өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиясына жана артыкчылыктарына тийиштүү … саясаты;
- экологиялык коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо.
кошулду: 2. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдоолору болжолдонуучу негизги … кылуунун чараларын камтышы керек.
(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № алынып салынды: 140 Мыйзамынын кошулду: 140, 2018-жылдын 6-апрелиндеги N 36 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202530/st-4" title="4-берене - Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>