Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Закон КР «О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «О государственном прогнозировании социально-экономического развития Кыргызской Республики»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-11-01.
КР 2022-жылдын 1-ноябрындагы № 100 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2018-жылдын 6-апрели № 36 "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2018-жылдын 1-мартында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 134-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренеде:
а) үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
б) алтынчы абзацында "кыска мөөнөттүү" деген сөздөр "орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 2-берененин 8-бөлүгүндө:
а) "15-мартына чейин" деген сөздөр "31-мартынан кечиктирилбестен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) "жана бюджеттин кирешесин үч жылдык мезгилге эсептөө үчүн негиз болуп саналат (СПБ)" деген сөздөр алып салынсын;
3) 3-берененин 1-бөлүгү "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөрдөн мурда "экономикалык болжолдоо боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 4-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө:
- биринчи абзацында "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр "1. Кыргыз Республикасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацында "Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Кыргызстан элине, Жогорку Кеңешине жана Өкмөтүнө карата кайрылууларында аныктаган" деген сөздөр "программалык документтерде аныкталган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүндө "Социалдык-экономикалык" деген сөздөр "2. Социалдык-экономикалык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 5-беренеде:
а) 1-бөлүгү "министрликтер," деген сөздөн кийин "мамлекеттик комитеттер, ведомстволор," деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-4-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү мезгилге социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынды болжолу экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тармактык жана региондук болжолдордун негизинде түзүлөт.
3. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн параметрлеринин болжолу учурдагы натыйжаларды баалоону, ички жана тышкы жаңы факторлорду/тобокелдиктерди табууну эске алуу менен, болжолдонгон мезгилдин ичинде кайра каралышы мүмкүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү мезгилге социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолу келерки финансылык жылга жана кийинки эки болжолдонуучу жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана республикалык бюджеттеринин кирешелери боюнча болжолду даярдоо үчүн негиз болуп саналат.";
в) 5-бөлүгүндө "сентябрына" деген сөз "октябрына" деген сөзгө алмаштырылсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндөЗакон · 01.11.2022 · № 100
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 1-мартындагы № 2279-VI "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 01.03.2018 · № 2279-VI
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 445 “Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү…Постановление · 24.07.2017 · № 445
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 24-январындагы № 2202-VI "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 24.01.2018 · № 2202-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2142-VI "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 27.12.2017 · № 2142-VI
- Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндөЗакон · 20.02.2009 · № 61 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 07.02.2022 · № 51 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндөЗакон · 01.11.2022 · № 100
- Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндөЗакон · 20.02.2009 · № 61 · Күчүн жоготкон