Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасындагы шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу» Мыйзамы
Бишкек шаары
2009-жылдын 30-марты № 101
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасындагы шаар куруу жана
архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу
2009-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы шаар куруу жана архитектура жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кене-
шинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 85-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизил-
син:
40-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"40-статья. Автордук, техникалык жана мамлекеттик
архитектуралык-курулуштук көзөмөл
1. Кыргыз Республикасынын аймагында курулчу объекттер Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтү аныктачу тартипте автордук, техникалык жана мамле-
кеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөлгө алынууга тийиш.
2. Курулуш объекттеринин опурталдуулук даражасы боюнча мамлекеттик
архитектуралык-курулуштук көзөмөлгө же курулуш жумуштарын аткарууда
техникалык көзөмөлгө алынчу категорияларды Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү аныктайт.
3. Курулушка автордук көзөмөл эксплуатацияга киргизилчү курулуш
объекттеринин архитектуралык-курулуштук, технологиялык же башка техни-
калык чечилиштери долбоордук чечимдерге ылайык келишин камсыздоо макса-
тында ишке ашырылат.
4. Курулуш жумуштарынын аткарылышына техникалык көзөмөл архитекту-
ралык-курулуштук, технологиялык же башка техникалык чечилиштердин ыла-
йык келишин камсыздоо максатында ишке ашырылат.
5. Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл курулуш процес-
синде аткарылуучу жумуштардын техникалык регламенттердин жана долбоор-
дук документтердин талаптарына ылайыктыгын текшерүү максатында ишке
ашырылат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Шаар куруу жана архитектура жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1372-XII
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-декабрындагы № 711 "Кыргыз Республикасынын Шаар куруу кодексинин долбоору жөнүндө" токтомуПостановление · 30.12.2013 · № 711 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Шаар куруу жана архитектура жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1372-XII
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15