Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Бишкек шаары
2009-жылдын 30-марты № 105
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам
актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
2009-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин (Кыргыз Республикасы-
нын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1996-ж., №6, 80-ст.) I бөлугунө
төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 130-статьяда:
1-пункттун экинчи абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Уставдык капитал кредиторлорунун кызыкчылыктарын кепилдикке алган
коомдун мүлкүнүн өлчөмүн аныктайт. Коомдун уставдык капиталынын өлчөмү
катышуучулар тарабынан анын уюштуруу документтеринде аныкталат.".
3-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Катышуучулар тарабынан уюштуруу документтеринде аныкталган устав-
дык капиталдын өлчөмү мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып коом-
дун ишмердүүлүгүнүн биринчи жылы ичинде анын катышуучуларына толук кө-
лөмүндө төлөнүп берилет. Ушул милдет бузулган учурда коом өзүнүн капи-
талынын азайгандыгын белгиленген тартипте каттатышы же өзүнүн ишин жоюу
жолу менен токтотушу керек.";
4-пункттун экинчи сүйлөмү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде коомдун көрсөтүлгөн активдеринин баасы катышуучулар тарабынын
уюштуруу документтеринде аныкталган уставдык капиталдын өлчөмүнөн аз
болсо, коом жоюлууга тийиш.".
2-берене.
"Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" 1996-жылдын 15-нояб-
рындагы № 60 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 4-статьянын 6-пункту алып салынсын.
2. 38-статьяда:
1 жана 2-пункттар төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучулары уставдык капи-
талды түзүшөт, анын өлчөмү катышуучулар тарабынан уюштуруу документте-
ринде аныкталат.
2. Катышуучулар тарабынан уюштуруу документтеринде аныкталган ус-
тавдык капиталдын өлчөмү мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып
коомдун ишмердүүлүгүнүн биринчи жылы ичинде анын катышуучулары тарабы-
нан толук көлөмүндө төлөнүп берилет.
Бул милдеттер бузулган учурда коом же өзүнүн уставдык капиталынын
азайгандыгы жөнүндө кулактандырууга жана анын азайышын белгиленген тар-
типте каттоодон өткөрүүгө, же өз ишмердүүлүгүн жоюу жолу менен токто-
тууга тийиш.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык
келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндөЗакон · 15.11.1996 · № 60
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндөЗакон · 15.11.1996 · № 60
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.