4-берене. Ушул Мыйзамдын негизги милдеттери
Күчүндө · 17.07.2026 редакциясы · 1-глава
Ушул Мыйзамдын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын маданий баалуулуктарга жетишине карата конституциялык укуктарын камсыз кылуу жана коргоо;
- элдик көркөм кол өнөрчүлүктү жана фольклорду сактоо, кайра жаратуу жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
- инсандын руханий жана маданий өнүгүшүнө жана жарандарды эстетикалык жактан тарбиялоого көмөктөшүүчү шарттарды түзүү;
- маданият жана искусство кызматкерлеринин укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо;
- маданият жаатында эл аралык кеңири кызматташууларга шарттарды түзүү;
- Кыргызстан элинин маданий мурастарын сактоо;
- маданият жана искусство мекемелерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү;
- таланттуу адамдарды колдоону камсыз кылуу.
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202499/st-4" title="4-берене - Маданият жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>