3-берене. Маданият жаатындагы мамлекеттик саясаттын принциптери
Күчүндө · 17.07.2026 редакциясы · 1-глава
Маданият жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргызстан элинин руханий өнүгүшүнүн, адептүү тарбиясынын негиз салуучу факторлорунун бири катары маданияттын таанылышы;
- Кыргызстан элинин маданий мурастарын сактоо жана көбөйтүү жана алардын жолун жолдоочулугун камсыз кылуу;
- дүйнөлүк мейкиндикте улуттук маданияттын бүтүндүгүн сактоо жана түрдүү маданияттын жетишкендиктери менен аны байытуу;
- чыгармачылык иштин эркиндиги;
- маданий баалуулуктарды түзүүдө, пайдаланууда жана жайылтууда жарандардын укуктарынын жана мүмкүнчүлүктөрүнүн бирдейлиги;
- маданият жаатында башка өлкөлөр жана элдер менен кызматташуу үчүн укуктук негиздерди түзүү;
- маданиятты өнүктүрүүдө мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарды айкалыштыруу;
- маданиятты жана искусствону мамлекеттик колдоо;
- маданият жаатындагы ишти жүзөгө ашырууда жана маданий турмушка катышууда Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын камсыз кылуу жана коргоо, маданиятты мамлекеттик колдоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чыгармачылык союздарга жана башка коомдук бирикмелерге биригүү эркиндиги.
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202499/st-3" title="3-берене - Маданият жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>