27-берене. Жазуу жүзүндө эскертүү
Күчүн жоготкон · 21.01.2025 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 21 января 2025 года № 18.
1. Диний уюмдар, миссиялар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулган же диний уюмдун, миссиянын уставына каршы келген иш-аракеттер жүргүзүлгөн учурда дин иштери боюнча мамлекеттик орган жазуу жүзүндө эскертүү берет, ал үч күндүн ичинде диний уюмдун, миссиянын жетекчи органына жиберилет.
2. Эгерде ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн укук бузуулар үч айдын ичинде оңдолбосо же жыл ичинде кайра кайталанса, дин иштери боюнча мамлекеттик орган диний уюмду жоюу жөнүндө арыз менен сотко кайрылуу укугуна ээ болот. Мындай учурда дин иштери боюнча мамлекеттик орган сот чечими чыгарылганга чейин диний уюмдун иш-аракетин токтото турууга чечим кабыл алууга укуктуу.
Берененин тексти 21.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
27-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202498/st-27" title="27-берене - Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндо (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>