Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
26-берене. Диний уюмдун иш аракетине контроль жүргүзүү
Күчүн жоготкон · 21.01.2025 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 21 января 2025 года № 18.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 июля 2019 года № 83
1. Диний уюм Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бухгалтердик эсепти жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт.
2. Диний уюм өз иш-аракети жөнүндө маалыматты расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органга жана салык органдарына, дин иштери боюнча мамлекеттик органга жана анын аймактык органдарына, прокуратура органдарына, уюмдун уюштуруучуларына жана башка адамдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана диний уюмдун уставына (жобосуна) ылайык берет.
3. Диний уюмдун кирешелеринин өлчөмү жана түзүмү, ошондой эле диний уюмдун мүлкүнүн өлчөмү жана курамы жөнүндөгү маалыматтар, анын чыгымдары, кызматкерлеринин саны жана курамы, алардын эмгек акысы, диний уюмдун иш-аракетинде жарандардын акы төлөнбөгөн эмгегин пайдалануу жөнүндөгү маалыматтар коммерциялык купуя сырдын предмети болуп эсептелиши мүмкүн эмес.
4. Диний уюм расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органга жана салык органдарына, дин иштери боюнча мамлекеттик органга, прокуратура органдарына өзүнүн иш-аракети жөнүндө, жетекчи органдарынын персоналдык курамы жөнүндө, ошондой эле акча каражаттарынын чыгымдалышы жөнүндө жана бөлөк мүлктөрдү пайдалануу тууралу, анын ичинде эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардан, чет өлкөлүк жарандардан жана жарандыгы жок адамдардан алынган мүлктөрдү пайдалануу жөнүндө отчеттор камтылган документтерди берүүгө милдеттүү. Аталган документтердин формалары жана аларды берүүнүн мөөнөттөрү дин иштери боюнча мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
5. Прокуратура чет өлкөлүк диний уюмдардын диний уюмдары, миссиялары (өкүлчүлүктөрү) тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын так жана бирдей аткарылышына көзөмөлдү жүзөгө ашырат.
6. Дин иштери боюнча мамлекеттик орган жана анын аймактык органдары, салык органдары диний уюмдун иш-аракетинин, алардын уставында (жобосунда) каралган максаттарга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишин контролдоону жүзөгө ашырат. Диний уюмга карата прокуратура органдары, дин иштери боюнча мамлекеттик орган жана анын аймактык органдары, салык органдары төмөндөгүлөргө укуктуу:
1) диний уюмдун башкаруу органдарынан алардын тескөөчү жана финансылык документтерин берүүнү талап кылууга:
2) диний уюмдардын финансылык-чарбалык иш-аракети жөнүндө маалыматтарды салык органдарынан жана мамлекеттик көзөмөлдүн жана контролдун башка органдарынан, ошондой эле банк мекемелеринен жана башка финансылык уюмдарынан суроого жана алууга;
3) өз өкүлдөрүн диний уюмдар тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга катышуу үчүн жиберүүгө;
4) диний уюмдун, анын ичинде акча каражаттарын жана башка мүлктөрдү чыгымдоо боюнча иш-аракеттеринин анын уставында (жобосунда) каралган максаттарга ылайык келишин бир жылда бир жолудан көп эмес текшерүүгө;
5) диний уюм Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы аныкталган учурда же анын уставында (жобосунда) каралган максаттарга карама-каршы келген аракеттер жасалганда ага карата келтирилген кемчиликтерди көрсөткөн жана аларды четтетүүнүн бир айдан кем эмес мөөнөтүн белгилеген жазуу жүзүндөгү чечим чыгарууга. Диний уюмга чыгарылган эскертүү жогору турган органга же сотко даттанылышы мүмкүн.
7. Диний уюм ушул беренеде каралган маалыматтарды белгиленген мөөнөттөрдө системалуу түрдө бербесе, бул прокуратура органдары, дин иштери боюнча мамлекеттик орган жана анын аймактык органдары үчүн ушул диний уюмду жоюу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга негиз болуп саналат.
(КР 2019-жылдын 8-июлундагы № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 21.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202498/st-26" title="26-берене - Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндо (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>