17-берене. Диний уюмдардын, миссиялардын жана диний окуу жайлардын өндүрүштүк-чарбалык иш-аракети
Күчүн жоготкон · 21.01.2025 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 21 января 2025 года № 18.
1. Диний уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, чарба жүргүзүүчү субъектилерди, ошондой эле кайрымдуулук жайларын (баш калка жайлар, интернаттар, ооруканалар) жана башка ишканаларды уюштурууга укуктуу.
2. Диний уюмдар өздөрүнүн уставдык максаттарына жетишүү үчүн чарбалык, анын ичинде өндүрүштүк иш-аракеттерди жүргүзүү укугуна ээ болот.
3. Диний уюмдардын өндүрүштүк иш-аракеттен алган пайдасына жана башка кирешелерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык салынат.
4. Түшкөн финансылык каражаттар, кайыр салымдар, гуманитардык жардамдар жана башка мүлктөр диний уюмдун, миссиянын бухгалтериялык документтеринде милдеттүү тартипте эсепке алынат.
5. Диний уюмдардын жана миссиялардын финансылык-бухгалтериялык отчеттуулугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
6. Диний уюмдардын, миссиялардын жана диний окуу жайлардын финансылык-бухгалтериялык отчеттуулугуна контролдук кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 21.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-сентябрындагы №564 "«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолор киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Кыргыз…Постановление · 21.09.2011 · № 564 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202498/st-17" title="17-берене - Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндо (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>