31-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын турак жай менен камсыз болууга укугу
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 ноября 2016 года № 191
1. Бишкек шаарында турак жайы жок Жогорку Кеңештин депутатына анын өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу мезгилине турак жай мыйзамдарында каралган тартипте жана шарттарда кызматтык турак жай берилет.
2. Бош кызматтык турак жай жок болгон учурда Жогорку Кеңештин депутатына Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген ченемдик укуктук актыларда каралган өлчөмдөрдө жана тартипте турак жайды ижарага алгандыгы үчүн ай сайын компенсация төлөнөт.
3. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын аткарууну токтоткон адам ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык берилген кызматтык турак жайды мандаттын күчү токтотулган күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен бошотуп берүүгө милдеттүү. Ээлеген кызматтык турак жай ордун бошотуп бербөө турак жай мыйзамдарында белгиленген тартипте көчүрүлүп чыгарууга алып келет.
4. Ушул берененин 2-бөлүгүндө аныкталган турак жайга акы төлөө Жогорку Кеңештин иш-милдети үчүн тиешелүү жылга бюджет жөнүндө мыйзам менен каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт. Жогорку Кеңештин депутаты коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнү өз каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырат.
(КР 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 191 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
31-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 29 ноября 2016 года № 191 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
29.11.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…турак жайды ижарага алгандыгы үчүн ай сайын компенсация төлөнөт.
3. алынып салынды: Ыйгарым кошулду: Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын аткарууну токтоткон алынып салынды: Жогорку Кеңештин депутаты кошулду: адам ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык берилген кызматтык турак жайды … көрсөтүүлөргө акы төлөөнү өз каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырат.
кошулду: (КР 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 191 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202483/st-31" title="31-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>