Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 29-ноябры № 191 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1095-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 31-берененин 3-бөлүгүндө "Ыйгарым укуктарын аткарууну токтоткон Жогорку Кеңештин депутаты" деген сөздөр "Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын аткарууну токтоткон адам" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 36-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Жогорку Кеңештин депутатына эмгек өргүүсү сессия аяктагандыгы боюнча берилет.";
б) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жумуш стажы жыйындысы боюнча 5, 10, 15 жана 20 жылдан ашык болсо, акы төлөнүүчү өргүүсү тиешелүүлүгүнө жараша 2, 4, 6 жана 8 календардык күнгө көбөйөт. Окумуштуулук даражасы жана илимий наамы болсо, эмгек өргүүсү "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленет.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндөЗакон · 18.12.2008 · № 267
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндөЗакон · 18.12.2008 · № 267
- Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуЗакон · 15.04.1994 · № 1485-XII · Күчүн жоготкон