Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
29-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын ишин уюштуруу
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 февраля 2017 года № 33
1. Жогорку Кеңештин депутатынын ишин уюштуруу Жогорку Кеңештин Аппараты жана Иш башкармалыгы тарабынан жүзөгө ашырылат, алар аны кызматтык жай, керектүү канцелярдык жана техникалык каражаттар, байланыш каражаттары, ошондой эле транспорт менен тейлөөнү камсыз кылышат. Депутат социалдык турмуш-тиричилик шарттары, жумушчу жайы жана Жогорку Кеңештин жыйналыштар залында жекече орун менен камсыздалат.
2. Жогорку Кенештин депутаты консультант алууга укуктуу. Майыптыгы бар жана коштоп жүрүүгө муктаж болгон Жогорку Кеңештин депутаты кошумча бир жардамчы алууга укуктуу.
Жогорку Кеңештин депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарын акы албай же болбосо Жогорку Кеңештин депутатынын каражаттарынын эсебинен акчалай сый акы үчүн аткаруучу коомдук кеңешчилерди жана жардамчыларды алууга укуктуу. Коомдук кеңешчилердин жана жардамчылардын саны, ошондой эле алардын иши Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынуучу жободо жөнгө салынат.
3. Депутат мыйзам долбоорлору менен иштөө боюнча атайын адабияттар, керектүү маалыматтык материалдар жана мезгилдүү басылмалар менен камсыз болот.
4. Жогорку Кеңештин депутатына ыйгарым укуктарынын бүткүл мөөнөтүнө дипломатиялык паспорт берилет.
Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүгү аккредицияланган өлкөгө барган Жогорку Кеңештин депутатына зарыл жардам жана колдоо көрсөтүүгө тийиш.
5. Депутаттык ишмердүүлүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары иш сапарларына чыккан Жогорку Кеңештин депутатынын чыгымдары ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө төлөнүп берилет.
(КР 2017-жылдын 22-февралындагы № 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 22 февраля 2017 года № 33 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
22.02.2017 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Кеңештин жыйналыштар залында жекече орун менен камсыздалат.
2. алынып салынды: Өз иш-аракетин камсыз кылуу максатында кошулду: Жогорку Кенештин депутаты консультант алууга укуктуу. Майыптыгы бар жана коштоп жүрүүгө муктаж болгон Жогорку Кеңештин депутаты алынып салынды: жардамчыларды жана консультанттарды кошулду: кошумча бир жардамчы алууга алынып салынды: укуктуу, алардын иш-аракети кошулду: укуктуу.
Жогорку Кеңештин алынып салынды: депутаттарынын жардамчылары кошулду: депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарын акы албай же болбосо Жогорку Кеңештин депутатынын каражаттарынын эсебинен акчалай сый акы үчүн аткаруучу коомдук кеңешчилерди жана алынып салынды: консультанттары жөнүндө Жобо менен кошулду: жардамчыларды алууга укуктуу. Коомдук кеңешчилердин жана жардамчылардын саны, ошондой эле алардын иши Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынуучу жободо жөнгө салынат.
3. Депутат мыйзам долбоорлору менен иштөө боюнча … актыларда белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө төлөнүп берилет.
кошулду: (КР 2017-жылдын 22-февралындагы № 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202483/st-29" title="29-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>