Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 22-февралы № 33 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2017-жылдын 19-январында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1095-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 29-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жогорку Кенештин депутаты консультант алууга укуктуу. Майыптыгы бар жана коштоп жүрүүгө муктаж болгон Жогорку Кеңештин депутаты кошумча бир жардамчы алууга укуктуу. Жогорку Кеңештин депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарын акы албай же болбосо Жогорку Кеңештин депутатынын каражаттарынын эсебинен акчалай сый акы үчүн аткаруучу коомдук кеңешчилерди жана жардамчыларды алууга укуктуу. Коомдук кеңешчилердин жана жардамчылардын саны, ошондой эле алардын иши Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынуучу жободо жөнгө салынат.";
2) 32-беренеде:
а) 2-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүндө "Жогорку Кеңештин" деген сөздөрдөн кийин "I топтогу майыптыгы бар" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3 жана 4-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 28-февралында № 32 (2757) жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик-укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндөЗакон · 18.12.2008 · № 267
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндөЗакон · 18.12.2008 · № 267