14-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын парламенттик фракцияларга мүчөлүгү
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 июля 2015 года № 204
1. Жогорку Кеңештин депутаты саясий партиянын тизмеси боюнча Жогорку Кеңешке шайланган депутаттардан түзүлгөн парламенттик фракциянын курамына кирет.
2. Жогорку Кеңештин депутаты бир гана парламенттик фракциянын мүчөсү болуп саналат.
3. Парламенттик фракциянын мүчөсү төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
1) парламенттик фракциянын жетекчи органдарына жана кызмат орундарына шайлоого жана шайланууга;
2) парламенттик фракция жөнүндө жоболорду иштеп чыгууга жана бекитүүгө катышууга;
3) фракциянын компетенциясына кирген кандай маселе болсун сунуштарды киргизүүгө жана кароого катышууга;
4) фракциянын жыйналышынын күн тартиби боюнча сунуштарды киргизүүгө;
5) мыйзамдардын, токтомдордун долбоорлорун, депутаттык суроо-талаптарды, билдирүүлөрдү жана башка документтерди киргизүүгө;
6) Жогорку Кеңештин кароосуна жаткан маселелер боюнча фракциянын позициясын түзүү боюнча талкууга катышууга жана сунуштар киргизүүгө;
7) фракциянын тапшырмаларына ылайык Жогорку Кеңештин пленардык жыйналыштарында, комитеттин жана убактылуу комиссиянын жыйналыштарында аларда каралып жаткан маселелер боюнча фракциянын позициясын жарыялоо үчүн анын атынан чыгып сүйлөөгө.
4. Депутаттын парламенттик фракциядагы иши ушул Мыйзамда, Жогорку Кеңештин Регламентинде жана парламенттик фракция жөнүндөгү Жободо аныкталат.
Караныз: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун конституциялык палатасынын чечими 2014 жылдын 24 сентябрындагы №48-р (КР 2011-жылдын 18-июлундагы № 110, 2012-жылдын 4-февралындагы № 12, 2015-жылдын 28-июлундагы № 204 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 28 июля 2015 года № 204 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 июля 2011 года № 110 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202483/st-14" title="14-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>