1-берене
Күчүндө · 17.12.2008 редакциясы
"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республи-
касынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2005-ж., № 6, 337-ст.) төмөнкүдөй
өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 3-статьянын жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Күрөөгө коюлган кыймылдуу мүлккө укуктарды каттоо - милдеттүү
жол-жобо, анын жардамы менен 250 эсептик көрсөткүчтөн жогорку суммага
милдеттенмени камсыз кылуучу күрөө берүүчү менен күрөө кармоочунун ор-
тосундагы күрөө жөнүндө келишим Күрөө каттоо конторасында катталат.".
2. 21-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. 250 эсептик көрсөткүчтөн ашык суммада милдеттенмени камсыз кы-
луучу, күрөөгө коюуну жана күрөөлөрдү кошпогондо, кыймылдуу мүлккө бар-
дык күрөөлөр Күрөө каттоо конторасында милдеттүү катталууга тийиш.
250 эсептик көрсөткүчкө чейинки суммада милдеттенмени камсыз кылу-
учу күрөөлөр күрөө бүтүмдөрүнүн катышуучусунун каалоосу боюнча Күрөө
каттоо конторасында катталышы мүмкүн.
Күрөөнү каттоо күрөө кармоочунун мурда катталган күрөөсү болбогон
башка кредиторлордун алдында өзүнүн талаптарын күбөлөндүргөн артыкчы-
лыктуу укуктарын бөлүштүрүү максатында жүргүзүлөт.".
3. 83-статьянын 2-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда ба-
яндалсын:
"3) 3 күндүн ичинде күрөөнүн токтотулгандыгы жөнүндө Күрөө каттоо
конторасына билдирсин;".
Берененин тексти 17.12.2008 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Күрөө жөнүндөЗакон · 12.03.2005 · № 49
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202481/st-1" title="1-берене - Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>