Кыргыз Республикасынын «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу»мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Бишкек шаары
2008-жылдын 17-декабры № 265
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөр киргизүү тууралу
2008-жылдын 13-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республи-
касынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2005-ж., № 6, 337-ст.) төмөнкүдөй
өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 3-статьянын жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Күрөөгө коюлган кыймылдуу мүлккө укуктарды каттоо - милдеттүү
жол-жобо, анын жардамы менен 250 эсептик көрсөткүчтөн жогорку суммага
милдеттенмени камсыз кылуучу күрөө берүүчү менен күрөө кармоочунун ор-
тосундагы күрөө жөнүндө келишим Күрөө каттоо конторасында катталат.".
2. 21-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. 250 эсептик көрсөткүчтөн ашык суммада милдеттенмени камсыз кы-
луучу, күрөөгө коюуну жана күрөөлөрдү кошпогондо, кыймылдуу мүлккө бар-
дык күрөөлөр Күрөө каттоо конторасында милдеттүү катталууга тийиш.
250 эсептик көрсөткүчкө чейинки суммада милдеттенмени камсыз кылу-
учу күрөөлөр күрөө бүтүмдөрүнүн катышуучусунун каалоосу боюнча Күрөө
каттоо конторасында катталышы мүмкүн.
Күрөөнү каттоо күрөө кармоочунун мурда катталган күрөөсү болбогон
башка кредиторлордун алдында өзүнүн талаптарын күбөлөндүргөн артыкчы-
лыктуу укуктарын бөлүштүрүү максатында жүргүзүлөт.".
3. 83-статьянын 2-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда ба-
яндалсын:
"3) 3 күндүн ичинде күрөөнүн токтотулгандыгы жөнүндө Күрөө каттоо
конторасына билдирсин;".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Күрөө жөнүндөЗакон · 12.03.2005 · № 49
Шилтеме берет (1)
- Күрөө жөнүндөЗакон · 12.03.2005 · № 49