Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын «Аракеттери Ак-Таш айылдык кеңешин мөөнөтүнөн мурда таркатуу үчүн негиз болгон депутаттыкка талапкерлерди каттоо жагынан Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо омиссиясынын 2013-жылдын 10-майындагы № 27/26 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 23 мая 2013 года № 86 "Об отмене некоторых постановлений Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-05-23.
КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 23-майындагы № 86 токтомуна ылайык ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 15-майы № 78 Аракеттери Ак-Таш айылдык кеңешин мөөнөтүнөн мурда таркатуу үчүн негиз болгон депутаттыкка талапкерлерди каттоо жагынан Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 10-майындагы № 27/26 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 10-майындагы № 27/26 чечими менен "Жылкелди" 10 мандаттуу шайлоо округу боюнча: Бектуров Т.К., Кадыров М.С., Нуржанов Ж.Т., Ак-Таш" 9 мандаттуу шайлоо округу боюнча: Кадыров Т.А., Казыбекова Р.К., Касымбаев А.А., Насиров К.Р., "Барак" 2 мандаттуу шайлоо округу боюнча Камалов А.К. депутаттыкка талапкер болуп катталган, алардын аракеттери Ак-Таш айылдык кеңешин мөөнөтүнөн мурда таркатууга алып келген. "Мөөнөтүнөн мурда таркатылган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 29-апрелиндеги № 59 токтомунун негизинде жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 1, 2, 10-пункттарына, 2-бөлүктүн 4, 5-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жылкелди" 10 мандаттуу шайлоо округу боюнча: Бектуров Тыныч Кочкоровичти, Кадыров Мирбек Садыровичти, Нуржанов Жеңишбек Тургуновичти, "Ак-Таш" 9 мандаттуу шайлоо округу боюнча: Кадыров Талайбек Акимовичти, Казыбекова Рабия Козуевнаны, Касымбаев Артыкбай Адиевичти, Насиров Капар Рахманалиевичти, "Барак" 2 мандаттуу шайлоо округу боюнча Камалов Абдыбап Кадырмаматовичти депутаттыкка талапкер кылып каттоо жагынан Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 10-майындагы № 27/26 чечими жокко чыгарылсын.
2. Бул токтомдун көчүрмөсү Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага
Т.Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 23-майындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук…Постановление · 23.05.2013 · № 86
- КР Шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 29-апрелиндеги № 59 "Мөөнөтүнөн мурда таркатылган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун…Постановление · 29.04.2013 · № 59
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.