Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын «Мөөнөтүнөн мурда таркатылган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 29-апрели № 59 Мөөнөтүнөн мурда таркатылган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти бир катар жергиликтүү кеңештерди таркатты, ошол эле учурда ушул жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону дайындады. Республиканын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын өткөн шайлоо практикасы буларды көрсөттү: айылдык кеңештердин айрым депутаттары ошондой эле саясий партиялардан жана депутаттардын фракцияларынан көрсөтүлгөн шаардык кеңештердин депутаттары жергиликтүү кеңешти таркатууга жетишүү же аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна белгилүү бир талапкерди шайлоого жол бербөө үчүн шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону атайын үзгүлтүккө учуратып жатат. Мөөнөтүнөн мурда таркатылган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо процессинин өзгөчөлүктөрү шайлоо мыйзамдарында атайын ченемдер түрүндө көрсөтүлбөгөндүктөн, бирок Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына шайлоо укуктарын жана шайлоонун тең шарттарын камсыз кылуу боюнча, ошондой эле шайлоо эркиндигин кыянаттык менен пайдаланууга жол бербөөгө контролдук кылуу боюнча маселелер жүктөлгөндүгүнө байланыштуу жана депутаттардын жергиликтүү кеңештин таркатылышына жана мамлекеттин бюджетине каралбаган жүктү алып келген атайын аракеттери үчүн жоопкерчилик маселелерин жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесин, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 1, 2, 10-пункттарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Иш аракеттери жергиликтүү кеңешти мөөнөтүнөн мурда таркатууга негиз болгон депутаттар тиешелүү жергиликтүү кеңешти мөөнөтүнөн мурда таркатылышына байланыштуу дайындалган анын депутаттарын шайлоодо талапкер катары катталбайт.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы негиздер бар болгон учурда ар бир жергиликтүү кеңеш жана шайлоо процессинин субъектиси боюнча ушул токтомго ылайык жана жергиликтүү кеңешти таркатууга багытталган атайын аракеттердин аныкталган фактысынын натыйжасы боюнча чечим кабыл алат.
3. Аймактык шайлоо комиссиялары мөөнөтүнөн мурда таркатылган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын жоопкерчилигин карап чыгуу үчүн ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер бар экендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына расмий түрдө маалымдоого милдеттүү.
4. Ушул токтомдун көчүрмөсү аймактык шайлоо комиссияларына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага
Т.Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 23-майындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук…Постановление · 23.05.2013 · № 86
- КР Шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 13-майындагы № 76 "Бостери айылдык кеңешинин депутаттыгына айрым талапкерлерди каттоодон баш тартуу…Постановление · 13.05.2013 · № 76
- КР Шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 6-майындагы № 64 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук…Постановление · 06.05.2013 · № 64
- КР Шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 15-майындагы № 78 "Аракеттери Ак-Таш айылдык кеңешин мөөнөтүнөн мурда таркатуу үчүн негиз болгон…Постановление · 15.05.2013 · № 78 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98