3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
Балдардын тамак-аш аралашмасы - ымыркайларды жана кенже курактагы балдарды тамактандырууга арналган, жаныбар же өсүмдүк тегиндеги өнөр жай өндүрүшүндө жасалган сапаты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга жооп берген сүт же сүт сыяктуу тамак-аш азыгы. Кенже курактагы балдар - он эки айдан эки жашка чейинки курактагы балдар. Ымыркай - он эки айга чейинки курактагы бөбөк. Маркетинг - белгилүү бир тамак-аш азыгын жана каражатын жайылтуу, таратуу, сатуу буга коомчулук менен байланышты камсыз кылуу, ошондой эле маалыматтык камсыздоо да кирет. Материалдар жана жабдуулар - медико-санитардык жардам берүүгө арналган медициналык же бөлөк жабдуулар жана каражаттар, саламаттык сактоо уюмдары жана социалдык камсыздоо мекемелери колдонуучу башка материалдар. Саламаттык сактоо уюмдары - боюнда бар аялдарга, ымыркайлардын жана кенже курактагы балдардын энелерине медико-санитардык жардам берүү жагында тикелей же кыйыр түрдө иш алып баруучу мамлекеттик, муниципалдык же жеке медициналык мекемелер жана уюмдар. Ушул Мыйзамдын алкагында бул түшүнүк дарыканаларды жана башка фармацевтикалык мекемелерди өзүнө камтыбайт. Балдарды жасалма тамактандыруу үчүн азыктар жана каражаттар (мындан ары - белгиленген азыктар):
1) ымыркайлар жана кенже курактагы балдар үчүн балдардын аралашма азыктары;
2) ымыркайларды алты айына чейин тамактандырууга жарамдуу болгон, сатылуучу же кандайдыр бир башка ыкмалар менен берилүүчү ар кандай башка азыктар;
3) кошумча тамактар;
4) эмизүүчү бөтөлкөлөр, упчулар (эмилүүчү идиштер), курук упчулар;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан балдарды жасалма тамактандыруу азыктары катары таанылган, ушул Мыйзамдын колдонулуусуна туура келген башка азыктар.
Белгиленген азыктардын партиялары - жасап-чыгаруучу же таратуучу тарабынан социалдык максаттар үчүн акысыз же арзан баада узак мезгил бою берилип келген белгиленген азыктардын белгилүү бир өлчөмү; Белгиленген азыктарды жасап чыгаруучу - ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн белгиленген азыктарды жасап чыгаруу ишин алып баруучу, азыктарды тикелей же таратуучулар аркылуу, ошондой эле алар көзөмөлдөгөн же алар менен кызматташкан жактар аркылуу берүүнү жүзөгө ашыруучу жеке же юридикалык жак; Кошумча тамак - эмчек сүтүнө же балдардын тамак-аш аралашмасына кошумча катары пайдаланылуучу, өнөр жайлык же башка ыкма менен жасалган ар кандай азык. Белгиленген азыктарды жайылтуу түшүнүгүндө төмөнкүлөр камтылат:
1) белгиленген азыктарды жарнамалоо;
2) атайын көргөзмөлөрдү өткөрүү, белгиленген азыктын баасын түшүрүүнүн ар кыл ыкмаларын көрсөтүү (өтүүчү баасына сатуу; өз наркынан арзан сатуу; кошумча берип сатуу), белгиленген азыкты сыйлык же белек катары берүү;
3) белгиленген азыктын бир же андан көп үлгүлөрүн каалагандардын баарына берүү;
4) белгиленген азыктарды пайдаланууну идеализациялоо боюнча маалыматтык жана окуу материалдарын белекке берүү жана таратуу;
5) белгиленген азыкты сатып алууга же колдонууга, дем берүү үчүн тикелей же кыйыр багытталган иш-аракеттин башка түрлөрү.
Белгиленген азыктарды таратуучу - белгиленген азыктарды дүң же чекене өткөрүү ишин алып баруучу жеке же юридикалык жак; Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлери - саламаттык сактоо уюмдарында иштеген жеке адамдар, ошондой эле тейлөөчү персонал жана ыктыярдуу башталышта иштеген башка адамдар. Белгиленген азыктарды жарнамалоо - буга басылма жана электрондук массалык маалымат каражаттарын, телекоммуникациялык жана бөлөк байланыш каражаттарын колдонууну кошуу менен белгиленген азыкты сатууга же өткөрүүгө көмөктөшүү максатында ал тууралу маалыматтарды берүү, ошондой эле энтамгаларды, жарнама такталарын, кулактандырууларды, сүрөттүк сыпаттамаларды же башка үлгүлөрдү берүү. Социалдык камсыздоо мекемелери - мамлекеттик, муниципалдык же жеке менчиктеги балдар интернаттары, балдар үйлөрү (яслилер), бөбөктөр үйлөрү жана ушуга окшогон башка мекемелер. Этикетка - белгиленген азыктардын кутусуна же идишине жабыштырылуучу же басылуучу, басма же калып ыкмасы же кол менен жасалган ар кандай жабыштырылма белги, энбелги, марка, графикалык же башка сыпаттама материал.
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202479/st-3" title="3-берене - Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>