Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Республикалык жана областтык маанидеги шаарлардын аймактарында жайгашкан администрациялык-аймактык бирдиктерди жоюу жөнүндө»Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 18 июля 2024 года № 128 "Об административно- территориальных единицах на уровне айылных аймаков и городов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-07-18.
КР 2024-жылдын 18-июлундагы № 128 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
2008-жылдын 3-ноябры № 238
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Республикалык жана областтык маанидеги шаарлардын
аймактарында жайгашкан администрациялык-аймактык
бирдиктерди жоюу жөнүндө
1-берене.
Республикалык жана областтык маанидеги шаарлардын аймактарында
жайгашкан төмөнкү администрациялык-аймактык бирдиктер жоюлсун:
Бишкек шаарында - Чоњ-Арык шаар тибиндеги поселогу;
Ош шаарында - Жапалак айылдык округу.
Жалал-Абад областында:
- Жалал-Абад шаарында - Тайгараев айылдык округу;
- Кара-Көл шаарында - Жазы-Кечүү айылдык округу жана Кетмен-Төбө
шаар тибиндеги поселогу;
- Майлуу-Суу шаарында - Көк-Таш шаар тибиндеги поселогу жана Са-
ры-Бээ шаар тибиндеги поселогу;
- Таш-Көмүр шаарында - Шамалды-Сай шаар тибиндеги поселогу жана
Кызыл-Жар шаар тибиндеги поселогу.
Баткен областында:
- Кызыл-Кыя шаарында - Ак-Булак айылдык округу;
- Сүлүктү шаарында - Восточный (Кош-Булак) шаар тибиндеги посело-
гу.
Ысык-Көл областында:
- Балыкчы шаарында - Орто-Токой шаар тибиндеги поселогу;
- Каракол шаарында - Пристань-Пржевальск шаар тибиндеги поселогу.
2-берене.
1. Ушул Мыйзамдын 1-беренесинде көрсөтүлгөн администрациялык-ай-
мактык бирдиктердин курамындагы калктуу конуштар өз статусун жана ата-
лышын сактайт.
2. Ушул Мыйзамдын 1-беренесинде көрсөтүлгөн шаарлардын администра-
циялык-аймактык чек аралары жоюлган администрациялык-аймактык бирдик-
тердин аймактарын эсепке алуу менен мурунку чек арасында сакталат.
3-берене.
Республикалык жана областтык маанидеги шаарлардын аймактарында
жайгашкан төмөнкү администрациялык-аймактык чек араларынын курамындагы
шаар тибиндеги поселоктордо жана айылдарда жергиликтүү өз алдынча баш-
каруу органы жергиликтүү кењештер жана аткаруучу-тескөөчү органдар тү-
рүндө түзүлбөй тургандыгы белгиленсин.
4-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Республикалык жана областтык маанидеги шаарлардын жергиликтүү
өз алдынча башкаруу органдары белгиленген тартипте эки айлык мөөнөттө
республикалык жана областтык маанидеги шаарлардын администрациялык-ай-
мактык чек араларынын курамында турган айылдардын жана шаар тибиндеги
поселкалардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияла-
рын, ыйгарым укуктарын жана милдеттерин кабыл алышсын, ошондой эле ушул
Мыйзамдан келип чыгуучу башка чараларды көрүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети администра-
циялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин статистикалык эсебине тиеше-
лүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамды ишке ашыруу боюнча
тиешелүү чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндөЗакон · 18.07.2024 · № 128
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 25-сентябрындагы № 643-IV ""Республикалык жана областтык маанидеги шаарлардын аймактарында жайгашкан администрациялык-аймактык бирдиктерди жоюу…Постановление · 25.09.2008 · № 643-IV
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-августундагы №510 ""Республикалык жана областтык маанидеги шаарлардын аймактарында жайгашкан администрациялык-аймактык бирдиктерди жоюу жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 10.08.2009 · № 510 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-сентябрындагы № 566 "Шаарлардын мэрияларына караштуу айылдардын (поселоктордун) аймактык башкармалыктарын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.09.2009 · № 566 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-ноябрындагы № 619 "Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын аймагында жайгашкан администрациялык-аймактык бирдиктерди жоюу…Постановление · 10.11.2008 · № 619 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги №230 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 14.04.2009 · № 230 · Күчүн жоготкон