Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын аймагында жайгашкан администрациялык-аймактык бирдиктерди жоюу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 22 ноября 2024 года № 711 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-11-22.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2008-жылдын 10-ноябры № 619 "Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын аймактарында жайгашкан администрациялык-аймактык бирдиктерди жоюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын аймактарында жайгашкан администрациялык-аймактык бирдиктерди жоюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Бишкек,Ош, Таш-Көмүр, Жалал-Абад, Кара-Көл, Кызыл-Кыя, Майлуу-Суу, Сүлүктү, Балыкчы, Каракол шаарларынын мэриялары:
- 2009-жылдын 3-январына чейинки мөөнөттө айылдык округдардын жана шаар тибиндеги поселоктордун администрациялык-аймактык бирдиктеринин курамындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын, ыйгарым укуктарын жана милдеттерин кабыл алышсын;
- тиешелүү комиссияларды түзүшсүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жоюлуучу органдарынын имараттарын, материалдык-техникалык жана финансылык каражаттарын кабыл алуу-өткөрүп берүүнү белгиленген тартипте жүргүзүшсүн;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жоюлуучу органдарынын кызматкерлерин бошотууда аларды жумуш менен камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылышсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен бирдикте бир айлык мөөнөттө жогоруда аталган Мыйзамдан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлорун белгиленген тартипте кароого киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуу боюнча) администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин статистикалык эсебине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигине (макулдашуу боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Республикалык жана областтык маанидеги шаарлардын аймактарында жайгашкан администрациялык-аймактык бирдиктерди жоюу жөнүндөЗакон · 03.11.2008 · № 238 · Күчүн жоготкон