94-берене. Бул главада пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 12-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 апреля 2020 года № 44
Бул главада төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:
1) "Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн мамлекеттик реест- ри" - салык төлөөчүлөрдү эсепке алуу боюнча маалыматтардын мамлекеттик базасы.
2) "Салыктык каттоо" - Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн мамлекеттик реестрине салык төлөөчү жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
3) "Салык органында каттоо" - салык төлөөчүнү салыктык же эсепке алуу каттоосу.
4) "Салык төлөөчүнүн каттоо маалыматтары" - салык төлөөчү салыктык каттоодон өткөндө ал салык органына билдирген маалыматтар.
5) "Салык төлөөчүнү каттоо картасы" - бекем отчеттуулуктагы бланк болуп саналган жана аны салыктык каттоо учурунда толтурулуучу идентификациялык салык номерин ыйгаруу жөнүндө документ.
6) "Салык төлөөчүнү эсепке алып каттоо" - салык төлөөчүнүн иш параметрлерин, анын ичинде өзүнчө бөлүкчөлөрүнүн, салык салуу объекттеринин курамынын, иш жүргүзүү орду өзгөргөндө салык органдары тарабынан көрүлүүчү иш-чаралар системасы.
7) "Контролдук-кассалык машиналар (мындан ары - ККМ) - фискалдык эске тутуусу же программалык камсыз кылуусу бар, фиксация функциясы, маалыматтарды сутка сайын (нөөмөт сайын) оңдолбой турган каттоосу, узак мезгил бою сактоосу жана коргогон түрдө реалдуу убакыт режиминде ыйгарым укуктуу салык органына берүүсү бар аппараттык-программалык каражаттар.
Ушул аныктаманын максатында:
а) фискалдык эске тутуусу бар аппараттык-программалык каражат болуп саналган контролдук-кассалык машина (мындан ары - аппараттык ККМ) деп орнотулган программалык башкаруусу бар маалыматты топтоочу, иштетүүчү жана берүүчү техникалык каражат таанылат;
б) программалык камсыз кылуу болуп саналган контролдук-кассалык машина (мындан ары - программалык ККМ) деп төмөнкүлөр менен интеграцияда иштеген кардарлардын тиркемеси түрүндө ишке ашырылган программалык камсыз кылуу таанылат:
- реалдуу убакыт режиминде корголгон түрдө ыйгарым укуктуу салык органынын сервери менен; же
- ыйгарым укуктуу салык органына реалдуу убакыт режиминде маалыматтарды корголгон түрдө берүүнү камсыз кылуучу ФМО маалымат системасы менен;
8) "ККМ реестри" - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген ККМге коюлуучу техникалык талаптарга ылайыктуулугун ырастоону белгиленген тартипте алган ККМдин ар бир модели/версиясы боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалымат системасындагы маалыматтардын жыйындысы;
9) "Фискалдык эс тутум" - ККМди колдонуу менен жүзөгө ашырылуучу акчалай эсептешүүлөрдү толук эсепке алуу үчүн зарыл болгон жыйынтык маалыматты оңдолбой турган сутка сайын (нөөмөт сайын) каттоону жана узак мезгил бою сактоону камсыз кылуучу программалык-аппараттык каражаттардын комплекси.
(КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
94-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 18 апреля 2020 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
18.04.2020 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…өзгөргөндө салык органдары тарабынан көрүлүүчү иш-чаралар системасы. кошулду: 7) "Контролдук-кассалык машиналар (мындан ары - ККМ) - фискалдык эске тутуусу же программалык камсыз кылуусу бар, фиксация функциясы, маалыматтарды сутка сайын (нөөмөт сайын) оңдолбой турган каттоосу, узак мезгил бою сактоосу жана коргогон түрдө реалдуу убакыт режиминде ыйгарым укуктуу салык органына берүүсү бар аппараттык-программалык каражаттар. Ушул аныктаманын максатында: а) фискалдык эске тутуусу бар аппараттык-программалык каражат болуп саналган контролдук-кассалык машина (мындан ары - аппараттык ККМ) деп орнотулган программалык башкаруусу бар маалыматты топтоочу, иштетүүчү жана берүүчү техникалык каражат таанылат; б) программалык камсыз кылуу болуп саналган контролдук-кассалык машина (мындан ары - программалык ККМ) деп төмөнкүлөр менен интеграцияда иштеген кардарлардын тиркемеси түрүндө ишке ашырылган программалык камсыз кылуу таанылат: - реалдуу убакыт режиминде корголгон түрдө ыйгарым укуктуу салык органынын сервери менен; же - ыйгарым укуктуу салык органына реалдуу убакыт режиминде маалыматтарды корголгон түрдө берүүнү камсыз кылуучу ФМО маалымат системасы менен; 8) "ККМ реестри" - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген ККМге коюлуучу техникалык талаптарга ылайыктуулугун ырастоону белгиленген тартипте алган ККМдин ар бир модели/версиясы боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалымат системасындагы маалыматтардын жыйындысы; 9) "Фискалдык эс тутум" - ККМди колдонуу менен жүзөгө ашырылуучу акчалай эсептешүүлөрдү толук эсепке алуу үчүн зарыл болгон жыйынтык маалыматты оңдолбой турган сутка сайын (нөөмөт сайын) каттоону жана узак мезгил бою сактоону камсыз кылуучу программалык-аппараттык каражаттардын комплекси. (КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-мартындагы № 170 токтомуПостановление · 19.03.2020 · № 170
- Постановление Правительства КР от 14 июня 2004 года N 435 "О внесении изменений и дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики от 17 марта 2000 года N 142 "О…Постановление · 14.06.2004 · № 435 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-94" title="94-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>