70-берене. Салык милдеттенмесин аткарууну жана салык карызын жоюуну камсыз кылуунун ыкмалары
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 7-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 марта 2019 года № 40
1. Салык төлөөчүнүн салык милдеттенмесин аткарышы жана салык карыздарын жоюшу ушул Кодексте каралган ыкмалар менен камсыз кылынат.
2. Салык милдеттенмелерин аткаруу жана салык карыздарын жоюу төмөнкүдөй ыкмалар менен камсыз кылынышы мүмкүн:
1) туумдарды эсептөө;
2) банктык кепилдик;
3) салык төлөөчүнүн депозити;
4) салык төлөөчү моюнуна алган салык карызын салык төлөөчүнүн жана/же үчүнчү жактардын эсебиндеги акча каражаттарынын жана/же накталай акча каражаттарынын эсебинен өндүрүп алуу.
3. Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды алып өтүүдө келип чыккан салык милдеттенмесин аткарууну жана салык карызын жоюуну камсыз кылуу ыкмалары Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталат.
(КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 167, 2019-жылдын 29-мартындагы № 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
70-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Положение о порядке рассмотрения Комитетом по доходам при Министерстве финансов Кыргызской Республики и его подведомственными органами апелляционных жалоб налогоплательщиков…Положение · 14.01.2004 · № 10-П · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-70" title="70-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>