397-берене. Жалпы жоболор
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 61-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 1 августа 2020 года № 108
1. Майнингге салык ушул главага ылайык салык салынууга жаткан ишке карата төмөнкүлөрдүн ордуна ушул салыкты төлөө милдетин карайт:
1) пайдага салык;
2) салык салынуучу беримдерге КНС;
3) сатуудан салык.
2. Майнингге салык төлөөчү уюмдар жана жеке ишкерлер (мындан ары ушул главада - салык төлөөчүлөр) ушул Кодекске ылайык ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн салыктарды төлөөгө милдеттүү.
3. Салык төлөөчү ушул Кодексте белгиленген учурларда салык агенттеринин милдеттеринен бошотулбайт.
4. Иштин башка түрлөрү менен алектенген салык төлөөчүлөр ушул Кодексте белгиленген тартипте иштин ошол түрлөрү боюнча өзүнчө эсеп жүргүзүүгө, отчет берүүгө жана салык төлөөгө милдеттүү. Мында майнинг боюнча кеткен чыгымдар иштин башка түрлөрү боюнча жылдык жыйынды кирешеден чыгарып салууга кирбейт.
5. Салык төлөөчү салыктык катталган жери боюнча ушул майнингге салыкты төлөөчү катары салык органына арыз берүүгө милдеттүү.
(КР 2020-жылдын 1-августундагы № 108 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
397-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 1 августа 2020 года № 108 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
01.08.2020 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
кошулду: Жалпы жоболор 1. Майнингге салык ушул главага ылайык салык салынууга жаткан ишке карата төмөнкүлөрдүн ордуна ушул салыкты төлөө милдетин карайт: 1) пайдага салык; 2) салык салынуучу беримдерге КНС; 3) сатуудан салык. 2. Майнингге салык төлөөчү уюмдар жана жеке ишкерлер (мындан ары ушул главада - салык төлөөчүлөр) ушул Кодекске ылайык ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн салыктарды төлөөгө милдеттүү. 3. Салык төлөөчү ушул Кодексте белгиленген учурларда салык агенттеринин милдеттеринен бошотулбайт. 4. Иштин башка түрлөрү менен алектенген салык төлөөчүлөр ушул Кодексте белгиленген тартипте иштин ошол түрлөрү боюнча өзүнчө эсеп жүргүзүүгө, отчет берүүгө жана салык төлөөгө милдеттүү. Мында майнинг боюнча кеткен чыгымдар иштин башка түрлөрү боюнча жылдык жыйынды кирешеден чыгарып салууга кирбейт. 5. Салык төлөөчү салыктык катталган жери боюнча ушул майнингге салыкты төлөөчү катары салык органына арыз берүүгө милдеттүү. (КР 2020-жылдын 1-августундагы № 108 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-397" title="397-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>