Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
395-берене. Эсепке коюу, салык милдеттенмелерин аткаруу жана салык отчеттуулугу
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 60-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 апреля 2020 года № 44
1. Чекене сатуулардан салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча жеке ишкерди эсепке коюу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
2. Салыктык мезгил үчүн жеке ишкердин салык милдеттенмелерин эсептөө ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалымат системасынын маалыматтарынын негизинде салык органы тарабынан жүргүзүлөт.
3. Салыктык мезгил үчүн салык милдеттенмелеринин эсептелген суммасы жөнүндө салык органдарынын салык төлөөчүнү кабарлоосунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
4. Салык төлөөчү чекене сатуулардан салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен ай сайын төлөө жүргүзүүгө милдеттүү.
5. Чекене сатуулардан салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча салыкты төлөп жаткан салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын кошпогондо, салык отчеттуулугун берүүдөн бошотулат.
6. Салык төлөөчүнүн чекене сатуулардан салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча жүзөгө ашырган ишине утурлаган текшерүүлөрдү кошпогондо, көчмө салык текшерүүсү жүргүзүлбөйт. Салык контролунун калган формалары ушул Кодекске ылайык жүзөгө ашырылат.
(КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-395" title="395-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>