388-берене. Жогорку технологиялар паркынын субъекттеринин салык төлөө өзгөчөлүгү
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 59-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 июля 2011 года № 87
1. Эгер ушул главада башкача каралбаган болсо, ушул Кодекстин 386-берененин талаптарына жооп берген Жогорку технологиялар паркынын резидентинин иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталган мөөнөткө төмөнкү салыктардан бошотулат: түшкөн пайдадан алынган салыктан, сатуудан алынган салыктан, кошумча нарктан алынган салыктан. Жогорку технологиялар паркынын резиденттеринин салык төлөөдөгү колдонуу мөөнөтүн ушул главага ылайык Жогорку технологиялар паркынын режиминин колдонуу мөөнөтүнөн кандай гана учурда болбосун жогорулатууга болбойт.
2. Жогорку технологиялар паркынын резидентинин кызматкерлери, Жогорку технологиялар паркынын резиденттери - жеке ишкерлер, анын дирекциясы (имараттарды, жайларды, жер аянттарын тейлеген жана кайтарган кызматкерлерден башкасы) үчүн жеке киреше салыгынын ставкасы 5 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
Ушул кодекске ылайык Кыргыз Республикасындагы булактардан кирешеден алынуучу салыкты эсептеп чыгуу жана төлөө салык алууга жатат.
3. Эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, Жогорку технологиялар паркынын резиденти статусунан ажыраганда, статусунан ажырагандыгы тууралуу чечим кабыл алынган учурдан баштап ушул Кодекстин жалпы негизинде салык салуу жүргүзүлөт.
(КР 2011-жылдын 8-июлундагы № 87 Мыйзамынынн редакциясына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
388-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-388" title="388-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>