371-берене. Контракт боюнча салыктык милдеттенмелерди аткаруу жана салык отчеттуулугу
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 56-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 января 2015 года № 25
1. Контракт боюнча салыктык милдеттенмелерди аткаруу контракттын шарттарында белгиленген өлчөмдөрдө, ар бир айдын 15 числосунан кийинки күнгө чейин ай сайын жүзөгө ашырылат.
2. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, турак-жай куруучуларынын иши боюнча контракт боюнча салыктык милдеттенмелерди аткаруу бирдей үлүштөр менен ай сайын жүзөгө ашырылат:
1) биринчи ырааттуу 12 айдын ичинде - контракт боюнча салыктык милдеттенменин жалпы суммасынын 20 пайызынан кем эмес өлчөмдө;
2) кийинки ырааттуу 12 айдын ичинде - контракт боюнча салыктык милдеттенменин жалпы суммасынын 30 пайызынан кем эмес өлчөмдө.
Турак-жай куруучулар контракт боюнча салыктык милдеттенмени мөөнөтүнөн мурда аткарууга укуктуу.
3. Контракт түзгөн салык төлөөчүлөр бирдиктүү салык декларациясын, анын ичинде милдеттенмелер контракттын негизинде жүзөгө ашырылуучу иштер боюнча салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.
(КР 2015-жылдын 24-январындагы № 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
371-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (3)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 "Отчеттордун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, салыктарды жана салыктык эмес кирешелерди башкаруу боюнча маалыматтардын…Постановление · 16.03.2011 · № 109 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-мартындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 "Салык отчетунун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун…Постановление · 11.03.2013 · № 125 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-июлундагы № 456 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 "Салык отчетунун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун…Постановление · 07.07.2015 · № 456 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-371" title="371-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>