332-берене. Салык төлөө тартиби жана мөөнөтү
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · XIII БӨЛҮМ
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 4 февраля 2019 года № 23
1. Салык төлөөчү - жеке адам төмөнкүлөргө салык төлөйт:
1) 1-топтогу мүлк объекттерине - мүлк объектиси эсептик каттоодон өткөн жери же жайгашкан жери боюнча үстүдөгү жылдын 1-сентябрынан кийинки күндөн кеч эмес мөөнөттө;
2) 4-топтогу мүлк объекттерине - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү мөөнөттө мүлк объекти катталган же убактылуу катталган жер боюнча.
2. Уюмдар жана жеке ишкерлер төмөнкү салыктарды төлөшөт:
1) 2- жана 3-топтогу мүлк обьекттерине үстүдөгү жылдын ичинде бирдей үлүштөр менен квартал сайын үстүдөгү кварталдын үчүнчү айынын 20сынан кийинки күндөн кеч эмес мөөнөттө мүлк обьектиси турган жер боюнча, ал эми Бишкек шаарынын чегинде - салык төлөөчү салыктык катталган жер боюнча;
2) 4-топтогу мүлк обьекттерине - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мөөнөттө, бирок техникалык кароодон өткөнгө чейинки мезгилде - тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган обьекти каттаган жер боюнча.
3. 1-, 2- жана 3-топтордогу мүлк объекттерине ээлик кылуунун жана/же пайдалануунун иш жүзүндөгү мезгили үчүн төлөөгө тийиш болгон салыктын суммасы ушул укукту өткөрүп берген салык төлөөчү тарабынан укукту мамлекеттик каттоо күнүнө чейин же ошол күнү бюджетке төгүлүүгө тийиш. Мында мүлк объектисинин алгачкы ээси мүлк объектин өткөрүп берген айдан кийинки ай башталганга чейин үстүдөгү жылдын 1-январынан тартып эсептелген салыктын суммасын төлөйт.
Мүлк салыгынын андан кийинки салык төлөөчүсү мүлк объектисине укугу пайда болгон кийинки ай үчүн эсептелген мезгил үчүн салыктын суммасын төлөйт. Мүлк обьектисине укукту мамлекеттик каттоодо төлөнгөн салыктын жылдык суммасы макулдашуу боюнча тараптардын бири тарабынан бюджетке төгүлүшү мүмкүн. Андан ары мүлк обьектисине укукту мамлекеттик каттоодо төлөнгөн салыктын суммасы экинчи жолу төлөнбөйт. Мүлк салыгы төлөнбөгөн учурда мүлк обьектисине менчик укугу мамлекеттик катталганга чейин же ошол учурда ушул берененин талаптарына ылайык укук өткөрүп берилген толук салык мезгили үчүн мүлккө салык төлөө боюнча милдеттенме кийинки салык төлөөчүгө жүктөлөт. 3-1. 4-топтогу мүлк объекттерине салык салыктык мезгил үчүн бир жолу төлөнөт. 4-топтогу мүлк объектине менчик укуктарын өткөрүп берүү салык төлөөчү тарабынан салыктын суммасы төлөнгөн шартта мүлккө салыкты кайрадан төлөө үчүн негиз болуп саналбайт. Эгерде 4-топтогу мүлк объектине менчик укуктарын өткөрүп берүүдө салык төлөөчү тарабынан учурдагы жыл үчүн мүлккө салык төлөнбөгөн учурда, анда укуктарды мамлекеттик каттоого же кайра каттоого чейин салыктын суммасын макулдашуу боюнча тараптардын бири бюджетке киргизүүгө тийиш. Кийин ушул мүлк объектине менчик укуктарын мамлекеттик каттоо же кайра каттоо ошол эле жылы мүлккө салык төлөөгө алып келбейт. 4-топтогу мүлк объектине менчик укуктарын мамлекеттик каттоодо же кайра каттоодо учурдагы жыл үчүн мүлккө салыктын суммасын төлөгөнү жөнүндө документ көрсөтүлөт.
4. Банк мекемеси жок алыскы жана кыйындык менен жетүүчү калктуу пункттар үчүн мүлккө салыктын суммасын жеке адам тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте салык органына төлөөсүнө жол берилет.
5. (КР 2019-жылдын 4-февралындагы № 23 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. (КР 2019-жылдын 4-февралындагы № 23 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7. Ушул Кодекстин 331-беренесинин 2-, 3- жана 4-бөлүктөрүндө каралган учурларда салык төлөөчү:
1) (КР 2019-жылдын 4-февралындагы № 23 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2) мүлк салыгы боюнча салыктык милдеттенме пайда болгон күнү салыкты төлөйт, бирок ушул берененин 1- жана 2-бөлүктөрүндө белгиленген мүлккө салыкты төлөө мөөнөтүнөн эрте эмес.
(КР 2010-жылдын 10-февралындагы № 25, 2012-жылдын 18-майындагы № 55, 2014-жылдын 18-январындагы № 13 , 2019-жылдын 4-февралындагы № 23 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
332-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 4 февраля 2019 года № 23 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 января 2014 года № 13 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 мая 2012 года № 55 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 10 февраля 2010 года № 25 О внесении изменений и дополнения в Налоговый кодекс Кыргызской Республики и Закон Кыргызской Республики "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (12)
- "Ишкердик иш жүргүзгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын толтуруу тартиби (FORM STI-102)" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014 – жылдын 2-майындагы № 244 токтому менен…Порядок · 02.05.2014 · № 244
- Нариман айылдык кеңешинин 2012-жылды 16-январындагы №26/1"Нариман айыл өкмөтүнүн аймагында жер салыгын жана 1,2,3-группадагы мүлк салыгын колдонууга киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.03.2012 · № 26/1
- Постановление Правительства КР от 30 апреля 2016 года № 228 "Об утверждении форм Единой налоговой декларации и порядка их заполнения"Постановление · 30.04.2016 · № 228 · Күчүн жоготкон
- "Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын толтуруу тартиби (FORM STI – 100)" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014 – жылдын 2-майындагы № 244 токтому…Порядок · 02.05.2014 · № 244 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы №163 "Мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөөлөрдү толтуруу жана тапшыруу" ТАРТИБИПорядок · 19.03.2010 · № 163 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 45 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын…Постановление · 22.01.2018 · № 45 · Күчүн жоготкон
- "Уюмдун бирдиктүү салык декларациясын толтуруу тартиби (FORM STI-101)" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-майындагы № 244 токтому менен бекитилгенПорядок · 02.05.2014 · № 244 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-мартындагы № 129 "2015-2017-жылдары Кыргыз Республикасында жеке секторду өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын бекитүү…Постановление · 18.03.2015 · № 129 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнунун № 393 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.06.2012 · № 393 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-августундагы № 544 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 720 "4-топтогу мүлк объекттерине маалыматтык эсептөөлөрдү берүү жана…Постановление · 03.08.2012 · № 544 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-августу № 469 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 720 "4-топтогу мүлк объекттерине маалыматтык эсептөөлөрдү берүү жана…Постановление · 28.08.2013 · № 469 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы № 491 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 720 “4-топтогу мүлк объекттерине маалыматтык эсептөөлөрдү берүү жана…Постановление · 27.08.2014 · № 491 · Күчүн жоготкон
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 04.02.2019 · № 23 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-332" title="332-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>