313-берене. Роялти төлөөнүн жана салыктык отчеттуулукту берүүнүн мөөнөттөрү
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 45-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 15 мая 2015 года № 96
1. Салык төлөөчү эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, роялти төлөөнү эсептик катталган жери боюнча отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен ай сайын жүргүзөт.
2. Роялтинин салык төлөөчүсү болуп саналган чакан ишкердиктин субъекти тарабынан роялтини эсептик катталган жери боюнча төлөө отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен жүргүзүлөт.
3. Роялтинин салык төлөөчүсү тарабынан салык эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, отчеттуулук эсептик катталган жери боюнча отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирилбестен ай сайын берилет.
4. Роялтинин салык төлөөчүсү болуп саналган чакан же орто ишкердик субъектинин салыктык отчеттуулугу эсептик катталган жери боюнча отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен квартал сайын берилет.
5. Өзүнө таандык же өзүнүн пайдалануусундагы жер участогунда ишкердик ишти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган кумду, чопону жана кум-шагыл аралашмасын казып алган жер участогунун менчик ээси же жер пайдалануучу салыктык отчеттуулукту бербейт.
(КР 2015-жылдын 15-майындагы № 96 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
313-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-октябрындагы № 699 "Отчеттуулук формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартиптерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 09.10.2015 · № 699 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-мартындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 "Салык отчетунун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун…Постановление · 11.03.2013 · № 125 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-313" title="313-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>