306-берене. Салыктык отчётту берүүнүн жана төлөөнүн мөөнөттөрү
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 44-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 19 апреля 2017 года № 62
1. Ушул Кодекстин 302-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган учурларда, бонус салыгын төлөөчү салык органына жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган тийиштүү эсептөөлөрдү берет жана жер казынасын пайдалануу укугуна документ берилген күндөн тартып 30 күндөн кечиктирбестен эсептик катталган жер боюнча бонусту төлөйт.
2. Ушул Кодекстин 302-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган учурларда, бонус салыгын төлөөчү салык органына жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган тийиштүү эсептөөлөрдү берет жана кийинки ай үчүн айдын акыркы күнүнөн кечиктирбестен эсептик катталган жер боюнча бонусту төлөйт, мындай учурда:
1) жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан күрөө үчүн өндүрүп алуунун же андай укукту берүүнүн натыйжасында жер казынасын пайдалануу укугу өткөндүгү жөнүндө чечим кабыл алынганда;
2) юридикалык жактын - жер казынасын пайдалануучунун уставдык капиталында менчик үлүшүнүн өзгөрүлгөндүгүн каттоо жүргүзүлгөндө;
3) Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин запастары боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан пайдалуу кендердин запастарынын көбөйгөндүгү эсепке алынганда;
4) жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан лицензиялык аянттын өлчөмүнүн көбөйгөндүгү же мурда билдирилбеген пайдалуу кендердин жаңы түрлөрүнө жер казынасын пайдалануу укугун берүү жөнүндө чечим кабыл алынганда.
(КР 2017-жылдын 19-апрелиндеги № 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
306-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-сентябрындагы № 528 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 "Салык отчетунун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун…Постановление · 11.09.2014 · № 528 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-мартындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 "Салык отчетунун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун…Постановление · 11.03.2013 · № 125 · Күчүн жоготкон
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-306" title="306-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>